Россия Федерациясындагы Кыргызстандык мигранттар үчүн мунапыс жарыяланды

Cүрөт: president.kg

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

“Мигранттар мунапысы” жөнүндөгү Россиянын чечими туурасында Кыргыз Республикасынын Россия Федерциясындагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова кабарлады.

Анда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен болгон бир нече жолку жолугушууларынын натыйжасында Россия тарап саясий чечимге келгендиги айтылат.

Ал расмий документтин негизинде “кара тизмеге кирген” кыргызстандык мигранттарга кайрадан Россия Федерацисынын аймагына кирүүгө уруксат берилет. Бул мунапыс Россиянын аймагында бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган же миграциялык эрежелерди бузган жарандарга гана тиешелүү. Расмий маалыматтар боюнча Россияга кирүүгө тыю салынган кыргыз жарандарынын саны 70 000ди түзөт.

Төмөндө Россия Федерациясынын жогорку жетекчилиги жарыялаган мигранттар мунапысынын тексти:

Урматтуу мекендештер, урматтуу кыргызстандыктар,

Кыргыз Республикасынынын Президенти С.Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти В.Путин менен бир нече жолку сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы катары Россия Федерациясынын жогорку жетекчилиги тарабынан төмөндөгү саясий чечим кабыл алынды.

  1. Россия Федерациясынын 1996-жылдын 15-августундагы №114-ФМ “Россия Федерациясынан чыгуу жана Россия Федерациясына кирүү тартиби жөнүндө” Федералдык Мыйзамынын 26-беренесинин 4 жана 8-пунктуларына ылайык Россиянын аймагынан чыгарылган КРнын жарандары үчүн РФнын аймагына кирүүгө тыюу салууну алып салуу (“кара тизмеден” чыгаруу).

“Кара тизмеден” кимдер чыгарылат: бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылган (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 4-пункту боюнча) КРнын жарандары, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында мурун турган учурда 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай калган КРнын жарандары (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 8-пункту боюнча).

Демек, Федералдык мыйзамдын жогоруда белгиленген пункттарына ылайык Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган КРнын жарандары 2018-жылдын ноябрь айынан тартып, алдын ала өздөрүн РФнын ИИМнин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, Россиянын аймагына кире берүүгө болот.

  1. Россиянын аймагында туруунун миграциялык мыйзамдарын бузган КРнын жарандарына карата “миграциялык амнистияны” жүргүзүү. Бул иш-чара 2018-жылдын 16-октябрынан тартып 10-декабрына чейин уланат.

Демек, Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп, мыйзамсыз түрдө Россиянын аймагында жашап, иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандары (РФнын аймагында туруу мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана оор эмес административдик укук бузгандар) 2018-жылдын 16-октябрынан тартып 10-декабрына эч кандай тоскоолдуксуз жана жазасыз Россиянын аймагынан чыгууга жана кайрадан кирип, өздөрүнүн миграциялык тарыхын таза бойдон баштоого укуктуу.

Ошону менен бирге, төмөндөгү КРнын жарандары бул жеңилдиктерден пайдалана алышпайт:

– Россиянын сот органдары тарабынан өз алдынча чыгууну көзөмөлгө алуу жолу менен РФнын аймагынан чыгаруу жөнүндө соттук чечим менен “кара тизмеге” киргендер (соттук чечимди аткарбай РФнын аймагынан чыкпагандар);

– укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандар;

– “РФсына кирүү жана РФнан чыгуу тартиби жөнүндө” №114-Федералдык Мыйзамдын 27-беренесинин негизинде Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган КРнын жарандары.

Урматтуу мекендештер, мындай миграциялык жеңилдиктер, РФнын жетекчилигинин бул саясий чечими РФнын аймагында иштеп жаткан КРнын эмгек мигранттарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү камсыздоо максатында КРнын жогорку жетекчилигинин атайын кайрылуусунун негизинде КРнын жарандары үчүн гана кабыл алынып жаткандыгын белгилеп кетебиз.

Урматтуу мекендештер, ушундай эле жеңилдик россия тарабынан 2015-жылы да берилгендигин, жана жарандардын жеке ар кандай себептерине байланыштуу, жана жетишсиз маалымат албай калгандыгына байланыштуу көптөгөн жарандарыбыз бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай калышкан.

Ошондуктан, КРнын жалпыга маалымдоо каражаттарында, радио жана теледе, КРнын ТИМнин, КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын, КРнын Чек ара кызматынын, КРнын РФдагы Элчилигинин расмий сайттарында, социалдык тармактарда бул кабар байма-бай берилип турат.

Ошону менен бирге Екатеринбург шаарындагы КРнын Башкы консулдугунда, Новосибирск шаарындагы КРнын Вице-консулдугунда, Россиянын Владивосток, Красноярск жана Санкт-Петербург шаарларындагы Элчиликтин бөлүмдөрүндө ошондой эле РФнын Санкт-Петербург, Краснодар, Хабаровск, Оренбург жана Воронеж, Томск, Южно-Сахалинск жана Башкортастан Республикасы менен Уфа шаарында Ардактуу консулдарында бул маалымат тууралуу кеңири маалымат берилип турат.

Демек, Россиянын аймагында миграциялык мыйзамды бузуп, мыйзамсыз иштеп жаткан КРнын жарандары үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан тартып 10-декабрына чейин РФнын аймагынан чыгып, кайра кирип, миграциялык тарыхын нөлдөн баштоого толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жалпы кыргызстандыктар, бул жагымдуу кабарды бири-бириңиздерге кабарлап, укпай калгандарга жеткирүүдө активдүү иштөөгө чакырабыз.

Ой-пикир кошуу

кирүү