УКМК Икрамжан Илмияновду издөөгө берди

Сүрөт: Kloop

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Алмазбек Атамбаевдин президенттиги учурунда аппараттын жетекчиси кызматында иштеген Икрамжан Илмиянов издөөгө берилгенин массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

УКМК кызматкерлери берген маалыматта Илмиянов 2018-жылдын июнь айында Кыргызстандан чыгып кеткен.

Cүрөт: Aзаттык Үналгысы.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Илмияновко сыртынан айып тагылып, “УКМКнын тергөө абагына камалсын” деп жазылат анда. Атамбаевдин кеңешчиси Илмияновко эмненин негизинде айып коюлганы азырынча белгисиз.

2018-жылдын 18-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаевдин колу коюлуп мөөрү басылып, Илмияновко сырттан айып тагылып, УКМКга камоо тууралуу жазган чечимдин көчүрмөсү социалдык тармактарга желдей тараган.

Атамбаевдин бийлиги учурунда “Шоопур” деген каймана атка ээ болуп өлкөдө таасирдүү адамга айланган Икрамжан Илмияновтун азыр каякта экени белгисиз.Бирок,ошол эле социалдык тармактарда Илмиянов  Атамбаевдин учурунда Жер-Үй алтын кен ишканасына кожоюндук кылган Муса Бажаевдин Москвадагы дачасында жашап жатат деген маалымат бүгүн тарады.

Cүрөт: Aзаттык Үналгысы.

Икрамжан Илмиянов Баткен областынын Лейлек районунда 1975-жылы төрөлгөн. Бир нече жыл бою “Кыргызавтомаш”,”Электротехник” акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштеген.  

Ой-пикир кошуу

кирүү