Жогорку Кеңеште Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү

Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Дүйнөнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы жөнүндө илимдин докторлору, академиктер, акын-жазуучулар жана белгилүү коомдук ишмерлер доклад жасашты.

Кыргыздын чыгармачыл чөйрөсүнүн каймактары чогулган бул конференциянын башында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө арналган документалдуу тасма көрсөтүлдү.

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция.Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана депутаттар катышып, сөз сүйлөйт. Андан тышкары Улуу калемгер Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу илимдин докторлору, академиктер баяндама жасайт.

Опубликовано Жогорку Кенеш Четверг, 18 октября 2018 г.

Залкар жазуучунун юбилейине арналган конференцияда чыгып сүйлөгөндөр улуу калемгердин чыгармаларында жараткан философиялык ой-толгоолору,дүйнө таануусу, глобалдык көйгөйлөрдү көрө билүүсү жана адеп-ахлактык принциптердин бузула башташына болгон көз карашы туурасында сөз кылышты.

Жогорку Кеңеште өткөн конференцияга кыргыздын каймактары Медеткан Шеримкулов, Мар Байжиев, Осмонакун Ибраимов,Абдыганы Эркебаев,Роза Айтматова,Жумагул Сооданбеков, Абдылдажан Акматалиев жана Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмаларда рол жараткан эл артисттери, акын-жазуучулар жана чыгармачыл чөйрөдөгү белгилүү инсандары катышты.

Убагында ушул Жогорку Кеңеште спикер болуп турган Абдыганы Эркебаев дүйнө президенттеринин чыгармачыл таланттарын айтып, тескерисинче залкар жазуучу мыкты саясатчы,кыргыз эли үчүн жакшы элчи болуп иштеп бергенин эскерди. Роза Айтматова Айтматовдордун үй-бүлөсүнүн атынан баарына салам жолдоп, ыраазычылык билдиргенин айтты.”Чыңгыз Төрөкуловичтин 90 жылдыгы көп эле жерде өтүп жатат. Биз үчүн бир жагынан маараке-той, бирок экинчи жагынан орду толгус оор жоготуу”-деди Роза Айтматова. Ал жакында колуна документтер салынган папка тийгенин, анда Чыңгыз Айтматовдун Москвадагы жогорку адабий курска өтөм деп жазган арызы сакталганын айтты. “Арызды окугандан кийин агам мектепте деле жакшылыктуу коп окубаган эмес экен деген ойго келдим. Анткени, атамды 1937-жылы куугунтуктап репрессиялаганда үй-бүлөбүз качып, улам көчүп отуруп агам 7-классты окубай калган экен. 8-классты аяктаган соң кесиптик орто окуу жайына тапшырган экен”-деди Айтматовдун карындашы Роза Төрөкуловна.Ушундай катаал шарттарда да дүйнөгө таанымал жазуучу болгонун эскерип,  адилетсиз сынагандар аны курчутканын айтты. Сөзүнүн аягында Роза Айтматова депутаттардан Чыңгыз Айтматовдун идеяларын унутпай, элге айтып, таратып жүрүүсүн суранды.

Чыңгыз Айтматовдун бийиктиги туурасында, дүйнөлүк инсан экендигин Осмонакун Ибраимов, Жумагул Сооданбеков,Каныбек Иманалиев,Мар Байжиев,Алмамбет Шыкмаматовдор да белгилешти. Конференциянын катышуучулары андан ары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көргөзмөгө жөнөп кетишти.   

Ой-пикир кошуу

кирүү