Бүткүл дүйнөлүк тоолор форумунун алкагында кызыктуу көргөзмөлөр өтүүдө

Сүрөт: Kabar

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

22-октябрда Бишкекте тоолор павильону жана  чет элдик белгилүү сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнүн бет ачаар аземи болду.

MountainEXPO тоолор павильонунда “Локта кагазындагы Гималаи” жана “Мөңгүлөрдүн агониясы” аталышындагы сүрөт көргөзмөлөрү орун алды. Швейцариялык сүрөтчү Лоренц Пьяже масштабдык автордук арт-долбоорунун сүрөт документациясын көргөзмөгө алып келген.Ал Швейцариядагы Роун мөңгүсүн сактап калуу үчүн экологиялык аракеттердин көрүлгөнүн,мөңгү эрип кетпеши үчүн коргоочу шейшептер менен оролгонун сүрөткө тартып чогулткан.Чындыгында шейшептер мөңгүлөрдүн эрип кетишинен сактаганы менен бул аракеттер убактылуу экенин айткысы келген.

“Локта кагаздарындагы Гималаи” сүрөттөрүндө болсо Непал, Тибет жана Индиянын тоолуу аймактарында жашаган жергиликтүү калктын тиричилиги сүрөттөлгөн.Ар бир тартылган сүрөт кол менен бирден локта кагазына түшүрүлгөн.Мындай кагазга 2000 жыл мурун тибеттин манускрипталары түшүрүлгөнүн тарых айтат.Бул чыгармалардын автору америкалык альпинист Джейк Нортондун сүрөттөрү National Geographic,Vanity Fair,Forbes журналдарына чыгат.Ал тоолу павильондун ачылышына катышып, чыгармачылыгына кызыккандарга экскурсия жасады.

Ошондой эле тоолуу аймактарда иш алып барган эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар даярдаган экспозициялар коюлду. Анда жайлоодогу бала-бакчалар, тоолуу жайыттарды колдоо, жаратылыш кырсыктары, тоолордо өскөн эко тамак-аштары бар. Борбор Азия университетинин өкүлү Алтын Капалованын айтымында бул көргөзмөдө уникалдуу китептер жана чеберлердин колунан жаралган кооз буюмдар сатыкка коюлат.

Ой-пикир кошуу

кирүү