Өкмөттүк эмес уюмдар мыйзамсыз мергенчиликке каршы

Сүрөт: Kabar

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Бишкекте өтүп жаткан бүткүл дүйнөлүк тоолор форумунун алкагында көркөм сүрөт өнөр жайында таза экология үчүн күрөшкөн уюмдардын көргөзмөсү болуп өттү.

НАБУ уюму Кыргызстандын табиятын коргоо үчүн Ички иштер министрлиги менен бирге мыйзамсыз мергенчиликке каршы “Барс” ыкчам тобун түзгөн. Бул топтун мүчөлөрү браконьердик кылган 200 дөн ашуун шектүүлөрдү кармашкан.

Нурсултан Өмүрбековтун айтымында “Барс” тобу мергенчилерге жана мыйзамсыз соода-сатыктарга жол бербей, аймактардагы браконьерлердин санын азайтууга салым кошкон. Натыйжада Кыргызстандагы илбирстердин саны 250дөн 300гө чейинки туруктуу нормага жеткен.

“Барс” тобу тарабынан кармалып сакталган илбирстер жана башка жаныбарлар жапайы жашоого жөндөмсүз болуп калышкан. Алар Ысык-Көл областынын Ананьево айылындагы “Илбирс” реабилитациясында жашашат.Бул борбор дүйнөдөгү илбирстердин эң чоң вольери  болуп эсептелет жана НАБУ бирикмеси тарабынан каржыланат.

Ой-пикир кошуу

кирүү