Кыргызстандын элчиликтериндеги мыйзам бузууларды иликтөө дыкат көзөмөлгө алынат

Cүрөт: For.kg

Макаланы жазган: Алтынай Арстанбекова

Иликтөөлөрдү жеке көзөмөлүнө алаарын жаңы дайындалган Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда айтты.

Ошондой эле алар Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттары туурасында сүйлөшүштү.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков алыскы жана жакынчы чет мамлекеттерге болгон расмий жана мамлекеттик иш сапарларынын жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашыруу,өнөктөш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү милдеттерин койду.

Ошондой эле инвестицияларды тартуу, Кыргызстандын туристтик дараметин өнүктүрүү, чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтүү милдеттери айтылды.

Жаңы дайындалган министр Чыңгыз Айдарбеков акыркы мезгилдерде коомдо резонанс жараткан элчиликтердеги мыйзам бузуулар боюнча укук коргоо органдары иликтөөлөрдү жүргүзүп жатканын айтып, бул иштерди жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси болуп иштеген 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков 12-октябрда өз аразы менен кызматтан кеткен Тышкы Иштер министри Эрлан Абдылдаевдин ордуна дайындалган.

Ой-пикир кошуу

кирүү