Мөөнөтү чектелбеген визасыз тартип?

Автор: Эдил Эралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, 2012-жылдан бери колдонуудагы жана 45 мамлекеттин жарандарына Кыргызстан аймагында 60 күндүк мөөнөткө чейин визасыз жүрүүгө укук берген мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылууда

2012-жылы 44 мамлекеттин жарандарына Кыргызстан аймагында 60 күндүк мөөнөткө чейин визасыз жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алынган, 2013-жылы болсо бул тизмени Япония толуктаган. Ушул мыйзам 2012-жылы өлкөгө инвестицияларды тартуу, туризмди өнүктүрүү, башка мамлекеттер менен алака-катнаштарды жандантуу максаттарында колдонууга киргизилген. Мыйзам актынын иштөө мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген. Парламент мүчөсү визасыз тартип жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизип, аны биротоло мөөнөтсүз кылып коюуну тартуулап жатат.

Мыйзам долбооруна тиркелген негиздөө маалымдамасында жазылгандай, мыйзамга мөөнөтсүз иш-аракет макамын киргизүү, жарандарына визасыз тартип киргизилген өлкөлөргө, алардын туристтик компанияларына кепилдик берип, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө өзүнүн берилгендигин көрсөтмөк. Ушул мыйзам колдонууга киргизилген күндөн тартып, Европадан жана башка өнүккөн өлкөлөрдөн Кыргызстанга саякатка келген туристтердин агымы тынымсыз өсүүдө. Болгондо да, туристтер Ысык-Көлгө барып, көл жээгинде эс алуу үчүн гана эмес, тоолорго чыгып, табияттын кооздугун, анын ичинде жапайы жаныбарларды көрүү жана кышында дагы дем алуу максатында келишет.

Аталган мыйзам долбоору пленардык жыйында талкууланган учурда депутат Жанар Акаев кесиптеши тартуулаган концепцияны колдоду.

Бирок башка депутаттар анын иштөө мөөнөтүнө тийиштүү күмөн санап жаткандыгын айтышты. Мисалы, депутат Алтынбек Жунус уулу, сунуш кылынып жаткан өзгөртүүлөрдүн экономикалык жагын иликтеп чыгуу керек экендигин баса белгиледи.

Жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын жана ички иштер министринин орун басарлары Асылбек Кожобеков жана Курсан Асанов, мыйзамдын өлкөнүн коомдук-саясий турмушунун бардык тараптарына таасир этишин иликтөө үчүн, анын иштөө мөөнөтүн азыркы абалындагыдай эле 2025-жылга чейин калтырууну тартуулашты.

Бүгүнкү күнгө карата бир тараптык визасыз тартип, тизмеси төмөндө келтирилген мамлекеттер үчүн колдонулууда:

 

Австралиялык Биримдик Канада  Сауди Араб Падышалыгы
Австрия Республикасы Корея Республикасы Сингапур Республикасы
Белгия Королдугу  Кувейт Мамлекети Словакия Республикасы
Босния менен Герцеговина   Латвия Республикасы Словения Республикасы
Ватикан Литва Республикасы Америка Кошмо Штаттары
Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу Лихтенштейн Княжествосу Финляндия Республикасы
Венгрия Люксембург Улуу Герцогдугу Франция Республикасы
Германия Федеративдик Республикасы  Мальта Республикасы Хорватия Республикасы
Нидерланддар Королдугу Монако Княжествосу Чехия Республикасы
Грек Республикасы Жаңы Зеландия Швейцария Конфедерациясы
Дания Королдугу Норвегия Королдугу Швеция Королдугу
Исландия Бириккен Араб Эмираттары Эстония Республикасы
Ирландия  Польша Республикасы Катар Мамлекети
Испания Королдугу Португалия Республикасы Бахрейн Падышалыгы
Италия Республикасы Бруней-Даруссалам Мамлекети Япония

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорун ушул жерден көрсөңүз болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү