Жараланган жүрөктүн милдети

Сүрөт / Pixabay

Автор: Жибек Кенжебекова

«Адамдар кездешет, адамдар сүйүшөт, турмуш курушат…»

Ушул ыр саптарындагыдай болсочу дейбиз албетте, жашообуз. Бирок бизди турмуш кээде өзү алдынча тергеп коет эмеспи.

Бизге бир айым кеңеш алуу максатында кайрылган эле. Маектешүү учурунда ал бизге өзүнүн башынан өткөргөн нерселерди баамдады: Анын сүйлошүп жургөн жигити болгон, жакын арада баш кошо тургандай, махабат жанып, күндү бирге тосушуп жана да бирге кеч арытып, андан ары чогуу жашап жүрүшүп, үйлөнүү тойго даярдык кам коруу куну да келип калды эле.

Бирок, жигити, кыздын жакын курбусу менен жүрүп алып, таштап кетти.

Аялдык аруу сезим, жүрөгу толгон сүйүүсү бар эле жигитине деген…

Ошол күндөн тарта, кыздын сүйүүсү жек көрүүгө айланып, өч алууну ансаган жаны, эмне гана деген миң туркун амалдарды ойлонуп жүрүп, бир аз эсине келген сон, төмөнкүдөй суроо менен бизге кайрылган:

«Мыйзам чегинде мындай адамдарды жазалоого же жоопко тартууга жол барбы?»

Эми бул маселени мыйзам чегинде карап көрөлү.

Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөөлүк кодексине ылайык: «Нике –  бул үй-бүлөө куруу максатында, аял жана эркектин ортосундагы тең тараптуу, эркин жана толук макулдук менен, мыйзамда белгиленген тартипте түзүлүп, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке мамилелерди туундурчу биримдик» – деп табылган.

Жагдайга ылайык, демек, эгерде, сиздин жарымыңыз болуп эсептелип келген адам сөзүнөн танып, үй-бүлөө куруудан баш тартуу чечимине келген болсо, анда бул анын толук укугу. Эч ким ал адамды үй-бүлөө курууга мажбурлай албайт.

Никеге туруу үчүн белгиленген шарттарды жана эрежелерди сактоо зарыл.

Шарттардын бири, биргелешкен, жазуу жүзүндөгү жарандык абалдын актыларын каттоо мекемесине бериле турган арыз жана мамлекеттик каттоо учурунда эки тараптын катышуусу болуп саналат.

Демек, мыйзам, жогоруда сөз кылынган сыяктуу адамдар үчүн жоопкерчиликке тартуучу ченемдерди камтыбайт экенин эске сала кетмекчибиз.

Ой-пикир кошуу

кирүү