«Жорук» деген эмне жана ал үчүн кандай жаза каралган?

Автор: Замир Жоошев

Парламент тарабынан 2017-жылдын 1-январында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинде «жорукка» кийинкидей түшүндүрмө берилген: «Жорук субъектиси жасаган, инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирген же зыян келтирүү коркунучун жараткан, ушул Кодексте жаза чарасы каралган күнөөлүү, укукка каршы жосун (аракет же аракетсиздик) жорук деп таанылат». Ал эми жорук субъектиси болуп укук бузууну жасаганга чейин он алты жашка чыккан, акыл-эси соо адам саналат.

Эгерде келе жаткан жылдын 1-январына чейин өлкөбүздүн аймагында кылмыш жана административдик укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти аныктаган эки кодекс болсо (булар Кылмыш жаза кодекси жана Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс), 2019-жылдын биринчи күнүнөн тартып бул мыйзамдар күчүн жоготот жана алардын ордуна үч жаңы кодекстер колдонула баштайт: Кылмыш жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс жана Бузуулар жөнүндө кодекс.

Жаңы Кылмыш жаза кодекси боюнча анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандар жоопко тартылат, Жоруктар жөнүндөгү кодексте чоң коркунуч келтирбеген жосундар жана кээ бир административдик укук бузуулар (мисалы, майда бейбаштык; транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугу жана аларды пайдалануу эрежелерин бузуу;  айыл чарба жерлерин жана башка жерлерди атайылап бузуу ж. б.) үчүн жоопкерчилик каралат, ал эми Бузуулар жөнүндөгү кодексте каралган беренелер боюнча коомдук башкаруу тартибине каршы жосун (мисалга алсак, сотту сыйлабагандыкты көрсөтүү; байланыш жаатындагы техникалык ченемдерди бузуу; бөлүнүп берилген же бекитилген жер участогун өзү билемдик менен кеңейтүү ж. б.) жасаган жеке жана юридикалык жактар жоопкерчиликке тартылышат.

Ошентип мыйзамсыз жосун аркылуу келтирилген же келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын даражасына ылайык укук бузуулар кылмыш, жорук жана бузуу деп бөлүнөт.

Жорук үчүн кандай жаза каралаган?

Жоруктар жөнүндө кодекстин 43-беренесине ылайык жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамдарга карата жазалардын төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

– коомдук жумуштар;

– эркиндикти чектөө;

– белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу;

– түзөтүү жумуштары;

– айып пул;

– аскер кызматчыларына карата камак.

Ой-пикир кошуу

кирүү