Авланбек Жумабаев: “Кайрымдуулук маданиятын калыптандырышыбыз керек”

Сүрөт: ММК колдоо борбору

Бүгүнкү жаңы жылдык жомокко Беловодскидеги балдар үйүнүн тарбиялануучулары, Бишкектеги карылар үйүнүн жашоочулары жана Токмок шаарында жашаган майып балдар ата-энелери менен келишти.

Жаңы-жыл тосуу бул үй-бүлөлүк майрам. Үй-бүлөдөгүдөй шаң менен жаңы жылдык жомокко катышууга балдар да, ата-энелер менен кошо чоң ата,чоң энелер да чакырылган. Ар дайым кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп жүргөн Авланбек Жумабаевтин айтымында жаңы жыл алдында өзгөчө мамилеге, сый-урмат менен сыйкырдуу чөйрөдө болуу кыялы калктын аялуу катмары болгон  балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларында  жана карылар үйүнүн жашоочуларында көбүрөөк болот.

Бүгүнкү кайрымдуулук иш-чарада келген коноктор үчүн жаңы-жылдык жомок, балдар үчүн таттуу белектер жана чоң ата,чоң энелер үчүн чоң эки баштыктан турган тамак-аштар тартууланды. Жаңы жылдык белектерин алган конокторго сый тамак уюштурулду.

46 жаштагы Гүлзат Шаршеева эки баланын энеси. Ал Токмок шаарында жашайт. Кенже уулу 8 жашта. Гүлзат эже Токмоктогу “Өзгөчө балдар” уюмунда иштейт. Ага мүмкүнчүлүгү чектелген майып  балдары бар ата-энелер мүчө болуп саналат. Гүлзат Шапршееванын айтымында майып балдары бар ата-энелер Токмок шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнүп берилген иш бөлмөгө чогулушуп, түрдүү буюмдарды жасаганды балдарга үйрөтүшөт. Гүлзат Шаршеева менен жаңы жылдык балатыга келишкен ата-энелер бүгүнкү кайрымдуулук иш-чаранын уюштуруучулары балдарын чакырып, аларды алып келүү үчүн атайын унаа жөнөтүп,белектерди берип,сый-тамакка чакырганына абдан ыраазы.

Майрам Кожомбердиева Бишкектеги Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө 3 жылдан бери иштейт. Бүгүн ал жаңы жылдык балатыга чоң ата,чоң энелерди ээрчитип келген. Майрам эженин айтымында карылар үйүндө 202 карыя жашайт.Ар бири түрдүү себептерден улам карылар үйүнүн туруктуу жашоочулары болуп калышкан. Аксакалдар атайын карылар үйүнө унаа жөнөтүп жаңы жылдык балатыга чакырган уюштуруучуларга чын жүрөктөн ыраазы болушту. Карылардын маанайы эң жакшы экенин айткан Майрам Кожомбердиева жаңы жылга карата конокко чакыргандар көп экенин белгиледи.“Рич Капитал партнерс” коомдук фондунун жетекчиси Ринат Камиевтин айтымында бул кайрымдуулук акцияны уюштурууда “Чынар” соода борборунун балдардын луна-парк аянтынын жетекчилиги чоң жардам көрсөттү.“Жетим балдарга,карылар үйүнүн жашоочуларына жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үй-бүлөлөрүнө жаңы жылдык жомок тартуулап,белектерди берүү эстафетасын Бишкектеги башка да чоң соода борборлоруна узатабыз. Кыргызстанда бай инсандар көп”-дейт Ринат Камиев.

Кайрымдуулук иш-чараларын ар дайым уюштуруп жүргөн Авланбек Жумабаев кайрымдуулук маданиятын калыптандырып,калктын аялуу катмарын колдоп,жардам беришибиз керек деп эсептейт. ”Кайрымдуулукту көрсөтпөш керек дешет.Бирок,кайрымдуулук иш-чараларын көбүрөөк өткөрүп, калктын жардамга муктаж катмарына жардам берүүнү салтка айландырышыбыз зарыл.Анткени, кайрымдуулук аркылуу биз жылуу мамилени,өзгөчө көңүлгө муктаждарга керек болгон негизги баалуулуктарды бере алабыз”-деди Айланбек Жумабаев.

Ой-пикир кошуу

кирүү