Кандай кылмышкерлерге карата пробациялык көзөмөл колдонулат?

Автор: Замир Жоошев

Бүгүнкү күндөгү Кылмыш-жаза кодекси боюнча сот кээ бир кылмышкерлерге карата шарттуу соттоо колдоно алат, ал эми 2019-жылда күчүнө кире турган жаны Кылмыш-жаза кодексине ылайык сот тарабынан пробациялык көзөмөл колдонулат.

Пробациялык көзөмөл деген эмне?

Пробациялык көзөмөл – бул соттолгон адамдарга сот тарабынан жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жана алардын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү боюнча; аларды оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө, ошондой эле алардын жаңы укук бузууларды жасоолорун алдын алуу боюнча Мамлекеттик жазоо аткаруу органы тарабынан жасалуучу иш.

Эгерде сот жасалган кылмыштын мүнөзүн, күнөөкөрдүн инсандыгын жана иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолуучу эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөбөй эле оңолушу мүмкүн деген тыянака келгенде, ага карата пробациялык козомол колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.

Пробациялык көзөмөлдү бир гана беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган кылмышкерлерге колдонсо болот. Сот мындай учурда соттолгон адамдын макулдугун жана жабырлануучунун пикирин көңүлгө алат.  

Пробация көзөмөлү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адамдарга, Кыргызстандын аймагында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле жашы жетелек өспүрүмдүн жыныстык кол тийбестигине каршы жосун жасаган адамдарга колдонулбайт.

Пробациялык көзөмөл соттун өкүмүнүн негизинде бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Аталган мөөнөт соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.

Ой-пикир кошуу

кирүү