Январда кыргызстандыктар 7 күн эс алышат

 Cүрөт: Pixabay

Автор: Эдил Эралиев

Бүгүн Өкмөт Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу тууралуу сунушун колдоого алды.

Буга чейин министрлик тарабынан «2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору даярдалган болчу. Анда 1, 2, 3, 4, 5, 6 – жана 7-январды, ошондой эле 9, 10, 11- жана 12-май күндөрүн дем алыш күндөрү кылуу сунушталган.

Министрликтин маалыматына ылайык, аталган документ кызматкерлер дем алыш жана жумуш күнү катары саналбаган майрам күндөрүн натыйжалуу пайдалануусуна багытталган. Ушундан улам Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Өкмөттүн 2018-жылдын 28-февралындагы №117- «Дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» жаны жылдык майрам күндөрүнө тийиштүү токтомун кайра карап чыкты.

Ошентип, токтомдун долбоору менен 25-февралдагы дем алыш күнүн 2-январдагы жумуш күнүнө, 8-апрелдеги дем алыш күнүн 3-январдагы жумуш күнүнө, 2-сентябрдагы дем алыш күнүн 4-январдагы жумуш күнүнө, 6-майдагы дем алыш күнүн (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумуш күнүнө которуу сунуштаган.

Ой-пикир кошуу

кирүү