Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоонун/кайра каттоонун/ишмердүүлүгүн токтотуунун жаңы тартиби

Сүрөт: Pixabay
Автор: Ильяна Жедигерова

Юстиция министрлиги тарабынан «Массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө Жобонун» жаңы редакциясын бекитүүнү сунуш кылгын мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Азыркы учурда колдонулган «Массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө Жобо» 1992-жылдын 19-августунда бекитилген жана ага былтыр бир жолу өзгөртүү киргизилген.

Сунушталып жаткан жободо демилгечи кийинки жаңылыктарды сунуштайт:

  • ММКны каттоо, кайра каттоо жана анын иш-аракетин токтотуунун деталдуу жол-жобосу;
  • МККнын күбөлүгүн жоготуп алган учурда юстиция органдарына маалымдоо милдети жана күбөлүктүн дубликатын алуу тартиби;
  • ММКнын публикацияларды чыгаруу мезгилдүүлүгү, максималдуу көлөмү, жетекчиси өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты юстиция органдарына өз убагында кабарлоо милдети;
  • ММКны каттоону анын жайгашкан жерине ылайык аймактык юстиция башкармалыктары жүргүзүүсү.

Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан жободо жогорудагы ченемдер көрсөтүлгөн эмес.

Жалпысынан жаны Жобонун нормалары юстиция органдарынын кызматкерлеринин жумушун жана аларга кайрылган жарандардын түйшүгүн жеңилдетүүгө багытталган.

Ой-пикир кошуу

кирүү