Эми райондук соттун өкүмүнө даттанууга 30 күн эле берилет

Автор: Замир Жоошев 

Жаны Жазык-процесстик кодексине ылайык райондук соттун өкүмүнө апелляциялык даттануулар жана сунуштамалар соттун өкүмү чыгарылгандан тартып 30 сутканын ичинде, ал эми камактагы соттолгон адам тарабынан – ага өкүмдүн көчүрмөсү тапшырылган күндөн тартып ошол эле мөөнөттө берилиши мүмкүн.

Азыркы күндөгү Жазык-процесстик кодекси боюнча райондук соттун өкүмү менен макул болбогон тарап, ал өкүмгө карата жогору турган сотко апелляциялык тартипте (10 күндүн ичинде) же кассациялык тартипте (1 жыл жана андан да кобүроок убакта) даттанууга укуктуу.

Эми болсо, жаңы кодекске ылайык, райондук соттун чечимин тогүндоо максатында экинчи инстанциядагы сотко апелляциялык тартипте гана жана болгону 30 күндүн ичинде кайрылса болот.

Кимде ким бул мөөнөттү өткөрүп жиберсе, анда ал адамда областык/шаардык сотко кассациялык тартипте даттануу менен кайрыла албайт. Себеби эми Кыргыз Республикасынын Жогорку соту кассациялык инстанциядагы сот болуп саналат.

Жаңы Жазык-процесстик кодексинен көзөмөл тартибинде даттануу алынып салынды. Ошондуктан кассациялык тартипте келип түшкон даттануу/сунуштамалар боюнча кылмыш иштерин карай турган инстанция – Жогорку сот болуп эсептелет.

Иши кыскартылган адамдын, соттолуучунун, акталуучунун абалын начарлатууга багытталган даттануулар менен Жогорку сотко кайрылууга, апелляциялык соттун чечими күчүнө киргенден тартып бир жылдан ашпаган мөөнөттө жол берилет.

Өз убагында апелляциялык тартипте даттануу берилбеген жана күчүнө кирген чечимдер, кассациялык таптипте Жогорку сот тарабынан каралбайт.

Апелляциялык даттануу берүүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү мүмкүнбү?

Жазык ишинде катышкан тараптын өтүнүчүнүн негизинде, чечим чыгарган сот даттануу же сунуштама берүүнүн жүйөлүү себептен улам өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтире алат. Мындай өтүнүч менен сот тарабынан өкүм чыгарылгандан баштап 3 айдын ичинде кайрылууга болот.

Сот төмөндөгүдөй шарттарда апелляциялык даттанууларды берүүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүүгө милдеттүү:

1) сот отурумунун протоколу өз учурунда даярдалбаганда;

2) соттук актынын көчүрмөсүн сот өндүрүшүнүн тилин билбеген иштин катышуучусуна котормосуз тапшырганда;

3) соттук актынын корутунду бөлүгүндө даттануунун мөөнөтү так эмес көрсөтүлгөндө.

Ой-пикир кошуу

кирүү