Европарламент жана коомдук карым-катнаш

Тексттин автору: Гүлнур Төралиева

Мен Европарламенттин үч депутаты менен жолукканымдан кийин, мага кызыктуу болуп көрүнгөн маалыматтардан бөлүшүүнү туура таптым:

  1. Парламентте стратегиялык байланыштар боюнча эки бөлүм бар экен. Алардын бири коомчулук менен байланыш түзүп, пресс-релиздерди, брошюраларды чыгарат жана телевидение менен радио программаларын уюштурат, ошондой эле журналисттерден келип түшкөн суроо-талаптарды иликтейт, сын пикирлерге жооп берет ж.б.

Ал эми экинчи бөлүм жалпыга маалымдоо каражаттарына тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүп,  өзгөчө согуш чыр-чатактары жана шайлоо учурларында үгүт-насаат иштерине байланыштуу маселелерди үйрөнүп чыгат, дүйнө жүзү боюнча ЖМКлар жарыялоолорунун, жалган маалыматтардын  мазмунун талдап, «Европа бюрократтары» чыгып сүйлөгөндө, тиешелүү   чечимдерди кабыл алганда колдонушу үчүн аларды маалыматтардан камсыз кылат.

  1. Дээрлик бардык депутаттарда Twitter жана Facebook коомдук тармактарындагы ырасмий өз баракчалары бар. Ошондой жол аркылуу алар жеке өзүнө же партиясына тийиштүү маалыматтардан гана бөлүшпөстөн, башка пайдалануучулар менен жандуу пикир алмашып, алардын кат-кабарларына жооп беришет.

Саясатчылар жарандардын кайрылууларын жопсуз калтырышпайт, анткени алар шайлоочулар үчүн иштеп жатышканын даана түшүнүшөт.

  1. Басма сөз кызматы менен алардын байланыштарын анча бекем деп айтууга болбойт, себеби аталган кызмат жеке депутаттарды эмес, көбүнчө Европарламенттин беделин коргойт, анткени айрым саясатчылар өз өлкөлөрүнө кайтып барышкан соң, «биздин ордубузга Брюссел өзу эле бардыгын чечип коюптур» же «Европарламенттин түзүлүшү өтө эле ыңгайсыз болуп, бюрократташып кетти» деп доомат кылышат. Мен болсо, алардын иш тартиби менен таанышып чыкканымдан кийин, 28 өлкөнү бириктирип, ынтымакка келтирип, чоң мамлекеттер менен катар кичинекей жана кембагал мамлекеттерди да капа кылбастан, алардын да көз караштарын чагылдыруу – бул деги эле тири укмуштун өзү эмеспи, ушундай түзүмдү ыңгайсыз-ыксыз деп айтууга болобу?! 28 тилге жарыша которуп берүүнү камсыз кылуу – бул деги эле жомок да! Макрон менен Меркелдин биргелешип кофе ичип олтурушу да андан өткөн укмуш – анткени бул Франция менен Германия дасторкон үстүндө бирге олтурат дегендин өзү да!!!
  2. Адаттагыдай, депутаттардын Интернет-баракчаларында алар кооз аралдардагы курорттордо бала-чакасы менен түшкөн, тамактанып жаткан же сулуулук салондорун жарнактаган сүрөттөр жок.
  3. Журналисттер менен өтө сейрек учурларда гана соттошот, анын ордуна так, туура, текшерилген маалыматтарды жайылтуу үчүн негизги каналдарды пайдаланышат, ошондой эле бир беткей же жалган маалыматтарды төгүндөөнү өтүнүшөт же талап кылышат. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн жалган маалымат, ушак-айыңдарды таратуу, бир беткей үгүт-насаат жүргүзүү максатында колдонгон кесиптештерге карата катуу чара көрүшөт, аларды мурдагы жеңилдиктеринен, ал турсун ыйгарым укуктарынан да ажыратып коё алышат.
  4. Депутаттардын милдеттери менен иши көп, алардын жумуш күнүн парламенттин дализдеринде орнотулган көптөгөн экрандардан тактап алууга болот. Андай маалыматка журналисттердин гана эмес, бардык меймандардын колу жетиштүү (жогорудагы сүрөт).

  1. 7. Журналисттер теле- жана радиостудиялардан пайдаланышса болот, аларга андай мүмкүнчүлүк кезек боюнча берилет да, бул жагдай ЖМКнын чоң-кичүүсүнө көз каранды эмес.

Ар бир евродепутаттын кызматтык бөлмөсү, жолугушуулар бөлмөсү жана бир жардамчысы бар (жогорудагы сүрөт).

Ой-пикир кошуу

кирүү