Өзгөчө учурларда атыш керек

Сүрөт: Pixabay

Автор: Бекболот Касаболотов

Мурда күнү «Kaktus.media» Ички иштер министрилигинин жол кыймылынын коомдук коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгына таянуу менен Мерседес-Бенц автоунаасына куугунтук жүргүзүп жаткан учурда ЖККББ кызматкери аткан ок рикошет менен 57 жаштагы адамдын кулагына тийгенин маалымдады. Бул материал, кайсыл учурда ички иштер кызматкерлери ок атуучу куралды колдоно алгандыгы жөнүндө

“Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесине ылайык ички иштер органдарынын кызматкерлерине табелдик ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө укук берилет.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал төмөндөгүдөй учурларда:

1) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан жарандарды жана өзүн-өзү коргоо, ошого тете барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;

2) ички иштер органдарынын кызматкерлерине же коомдук тартипти сактоо жана кылмыштылуулукка каршы күрөшүү боюнча коомдук милдетин аткарып жүргөн адамдарга топтошуп же куралдуу кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген башка кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

3) маанилүү жана кайтаруудагы объектилерге, жарандардын турак үйлөрүнө, мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин имараттарына топтошуп же куралдуу кол салуунун, ички иштер органдарынын кызматтык тобуна кол салуунун мизин майтаруу үчүн;

4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды же кылмыш кылып жаткандарды, камактан качкандарды (администрациялык камактагылардан башкаларды) кармоо үчүн, ошондой эле куралын таштоо жөнүндө мыйзамдуу талапты аткаруудан баш тарткандарды кармоо үчүн колдонулат.

Куралды колдонуунун алдында, эреже катары, аны колдоно тургандыгы тууралу эскертилүүгө тийиш.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери куралды төмөндөгүдөй учурларда:

1) эгер айдоочу жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирип жана ички иштер органдарынын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбесе, транспорт каражатын бузуп токтотуу үчүн;

2) жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн;

3) коогалаң белгисин же жардам чакыруу белгисин берүү үчүн, ошондой эле эскертип ок чыгаруу үчүн пайдаланууга укуктуу.

«Kaktus.media»нын материалынын мазмунунда укук бузуучунун аркасына куугунтук жүргүзүп жаткан ЖККББ кызматкери эскертүү ирээтинде 2 жолу аткандан кийин гана автоунаанын дөӊгөлөгүнө аткан. Эгер көрсөтүлгөн жагдайлар далилденген болсо, атуу мыйзамдуу деп эсептелет.

Кылмыш-жаза кодекси “коргонуу зарылдыгы” жана аргасыз зарылдык” менен бирге “кылмыш жасаган адамды кармоодо ага зыян келтирүү” деген кылмыштуулукту жокко чыгаруучу жагдайды камтыйт. Эгерде кармалган адам жасаган жосундун мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулугунун даражасына жана кармоонун жагдайларына кармоо чараларынын ылайыксыздыгына ачык жол берилбесе, кармалганды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында, аны кылмыш жасап жаткан учурда же түздөн-түз жасагандан кийин кармоодо ага зыян келтирүү, кылмыш болуп саналбайт. Мындай учурда байкабастыктан келтирилген зыян кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.

Бирок, бул учурда, зыян кылмыш жасаган адамга эмес эле, кокустагы жолоочуга келтирилген. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс байкабастык боюнча саламаттыгына оор же анча оор эмес зыян келтирүү үчүн кызмат адамдарына 5000 сомдон 10000 сомго чейинки өлчөмүндө айып салат.

Ой-пикир кошуу

кирүү