+56 сот

Автор: Бекболот Касаболотов

Кечээ Жогорку Кеӊеш экинчи жана үчүнчү окууда соттордун штатынын чегин көбөйтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун карап чыкты.

Мыйзам долбоору жергиликтүү соттордун санын 56 кишиге көбөйтүүнү сунуштап жатат. 2019-жылдын 1-январынан баштап жаӊы кодекстер күчүне киргендиктен ушул демилге киргизилген. Жаӊы кодестердин биринде, тактак айтканда Жазык-процесстик кодексте жаӊы тергөө сотторунун институту кирип жатат.

Тергөө судьясы – шектүүнүн, айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, процесстик иш-аракеттердин жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун чечимдеринин мыйзамдуулугу үчүн соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья

Тергөө соттун институту жазык сот өндүрүшүнө сотко чейинки өндүрүштө сот контролун жүргүзгөн жаӊы процесстик катары киргизилип жатат

Мыйзам долбоорунун маалымда-катында бардыгы республика боюнча 72 жергиликтүү сот, анын ичинде 8и областтык сот, 8и район аралык сот, 56 шаардык жана райондук сот иштэрри көрсөтүлгөн.

Тергөө сот институту шаардык жана райондук сотторго гана кирип жатат, себеп дегенде район аралык соттор жана 2-инстанциянын соттору соттук материалдарды карабайт.

Мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралды, анткени мына дегенде 4 күндөн кийин жаӊы кодекс күчүнө кирип жатат, андан тышкары ал институттун толук иштеши үчүн ошол 56 сотту дагы таап дайындаш керек.

Ой-пикир кошуу

кирүү