Жаӊы вице-спикер

Автор: Бекболот Касаболотов

Бүгүн депутат Аида Касымалиева Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары катары шайланды. Мындан бул кызмат ордун “КСДП” фракциясынын депутаты Асель Кодуранова ээлеген

 “Жогорку Кеӊештин Регламенти жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн ылайык Төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкер, бош орун түзүлгөн күндөн тартып, тиешелүү фракция тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде сунушталат. Жогорку Кеӊеш болсо Асель Кодуранованы спикердин орун басары кызматынан 20-декабрда чакыртып алган.

Пайда болгон бош орунга депутат Аида Касымалиеванын талапкерлиги сунушталган. Вице-спикердин тандоосу бюллетендерди колдонуу менен жашыруун шайланды.

Шайлоонун жыйынтыгында эсептөө комиссиянын төрайымы Айнур Осмонова баардыгы 121 бюллетень даядалганын, анын 108и колдонулуп, 12си бузулганын билдирди. Аида Касымалиеванын талапкерлигине 91 депутат макул болуп, 16 каршы болгон.

Парламенттин Төрагасы Дастан Джумабеков кесиптешин кызмат ордуна шайланганы менен куттуктап, алдыдагы иштерине ийгилик каалады. Жаӊы вице-спикер кесиптештерин колдоп бергени үчүн ыраазы болгонун билдирип келе жаткан Жаӊы Жыл менен куттуктады.

Ой-пикир кошуу

кирүү