БУУ чакырыгы: Кыргызстанда кастыкка жол берилбесин…

Сүрөт: Bebeto Matthews

Автор: Толкунбек Турдубаев

«Феминнале» көргөзмөсүнө байланыштуу орун алган көрө албастык, кастыкты козутуу жана зордук-зомбулукка үндөө, Бириккен Улуттар Уюмуна Кыргызстан мындай кейиштүү көрүнүштөргө жол бербесин деп билдирүүгө түрткү берди

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанда гендердик теңдик жана аял укуктары боюнча коомдук талкуунун толеранттуу жана кастык тилинен арылган түрүн өнүктүрүүгө чакырат.

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасы гендердик зомбулукка каршы багытталган бүткүл дүйнөлүк 16 күндүк кампания учурунда өлкөдө өтүп жаткан гендердик теңдик маселелери айланасындагы коомдук талкууларга байкоо салууда. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын жетекчилиги алдында жана БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин колдоосу менен бул кампания коомчулуктун гендердик теңдик жана гендердик зомбулук – адам укуктарынын негизги көйгөйү катары түшүнүктү арттырууга багытталган.

Ушул негизде, БУУ Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейиндеги «Феминнале» көргөзмөсүнүн ачылышынан кийин орун алган толерантсыздык, кастык тилин колдонуу жана зордук-зомбулукка үндөө учурлары тууралуу тынчсыздануусун билдирет. Бул көркөм иш-чара коомчулукта ача пикирлерди жаратып, тилекке каршы, сүрөтчүлөргө, активист аялдарга жана укук коргоочуларга карата  басынтуулардын, опузалап-үркүтүүлөр менен алардын өмүрүнө болгон коркунуч деңгээлине чейин алып келди.

«Бардык социалдык маселелер боюнча болгон коомдук сөз жарыштар заманбап мамлекеттердин өсүп өнүгүүсү менен тыгыз байланышкан. Мындай учурларда мамлекеттер жек көрүүнү курчутууга бөгөт коюп, аялдарга жана коомчулуктун бардык топтору менен катмарларына карата зордук-зомбулукту болтурбоого милдеттүү», – деп билдирди Кыргызстандагы БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело. 

Акыркы бир нече жылдын ичинде гендердик теңдикти алдыга жылдырууда мыйзам жаатында маанилүү кадамдар жасалганын белгилөө менен, Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасын дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка түрткү берүүнүн алдын алуу жана андай аракеттерге тыюу салуу боюнча эл аралык милдеттенмелерге жана өлкө мыйзамдарына ылайык бардык тийиштүү чараларды көрүүгө чакырат. Бул милдеттенмелерге ылайык, Кыргыз Республикасы аялдарга жана аярлуу топторго өз көйгөйлөрүн айтууга, коомдук чөйрөгө эркин катышууга жана ой-пикирлерин билдирүү укугун колдонууга коопсуз шарт түзүү аракетин көрүүсү керек.

Бириккен Улуттар Уюму эч кимди артта калтырбоо максатында, бардык коом мүчөлөрүнүн тең катышуусун колдоо жана коргоого алуу боюнча өкмөттүн аракеттерине колдоо көрсөтүүгө даяр. 

Ой-пикир кошуу

кирүү