Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Эгер сен укуктук кеӊеш берүү, юридикалык документтерди түзүү, сотто ѳкүлчүлүк кылуу, ошондой эле бизнести коштоо жаатында тажрыйбага ээ болууну кааласаӊ, анда биздин такшалма программабызга ѳтүнмѳ бер!
1-июлда жакшыртылган программа боюнча Прецеденттердин Мектеби жаӊы агымы старт алат! Эми бизде тренингдер менен сотто ѳкүлчүлүк гана эмес, корпоративдик укук чѳйрѳсүндѳ практика – ишкер айымдарды юридикалык коштоо иш-аракети дагы каралган.
«Прецеденттердин мектеби» – бул ишке жаӊыдан киришип жаткан юристтер үчүн корпоративдик укук жана соттук ѳкүлчүлүк чѳйрѳсүндѳ интенсивдүү такшалма.
Программанын жүрүшүндѳ сени эмнелер күтѳт?
Такшалма программасынын мѳѳнѳтү – 10 ай.
Тренингдер орус тилинде, ал эми кеӊеш берүүлѳр кыргыз жана орус тилдеринде ѳтѳт.
Курагына карабастан, юридикалык факультеттердин бүтүрүүчүлѳрү менен акыркы курстарынын студенттеринен ѳтүнмѳлѳр кабыл алынат.
Ѳтүнмѳлѳр жалпы Кыргызстан боюнча каралат. Аймактардан келген стажёрлор менен аралыктан иш алып барабыз.
Тандалган талапкерлер гана аӊгемелешүүгѳ чакырылат.
Ѳтүнмѳлѳрдү тапшырууга ДЕДЛАЙН: 2021-жылдын 20-июнуна чейин.
Ѳтүнмѳ берүүгѳ шилтеме:
https://forms.gle/6NtA2zQDBzVxKbHA9
Эгер кандайдыр бир себептен улам ѳтүнмѳ ачылбай жатса, анда шилтеме боюнча сайтка кирип, ѳтүнмѳнү кѳчүрүп ал да, аны толтуруп, precedentinfo@gmail.com почтасына жиберип кой.
Ѳтүнмѳнү кѳчүрүүгѳ шилтеме: http://precedentinfo.kg/…/otkryt-nabor-v-shkolu…/
Суроолор болсо, жаз
Алев Мамытова
precedentinfo@gmail.com
+996 550 929 707 (чалуу саат 12.00дѳн 18.00гѳ чейин)
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]