Мен жана менин жеке маалыматтарым: кимге, эмнеге жана качан?

Автор: Бермет Джаныкулова

Сүрөт: Pixabay

Күн сайын сиздин жеке маалыматтарыӊыз сизге билинип же билинбей топтолот, иштелип чыгат жана башкаларга берилет. Катардагы жарандар жеке маалыматтарын коргоонун абдан маанилүү экенин анчейин түшүнө беришпейт, ал эми 21-кылымда маалымат – бул эӊ баалуу ресурс болуп эсептелет, жана жеке маалыматтарга ээ болуу, аларды колдонуу жеке менчик компаниялар, глобалдык корпорациялар үчүн эчак эле пайдалуу булакка, ошондой эле мамлекет тарабынан кыянаттык менен пайдалануу үчүн жагымдуу чөйрөгө айланган. Жеке маалыматтардын маанисин жана алардын биздин жашообуздагы зарылдыгын  түшүнүү үчүн алгач бул эмне экенин карап чыгалы.      

Жеке маалыматтар түшүнүгү жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамда бекитилген:

«Жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар)  –  конкреттүү  адам жөнүндө  материалдык сактоочулар жазылган маалымат,  ал конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн,  ушул адамды түз  же  кыйыр анын   биологиялык,   экономикалык,   маданий,  жарандык  же  социалдык түрдүүлүгү үчүн анын биологиялык,  экономикалык,  маданий,  жарандык же социалдык идентификация үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет.

Жеке маалыматка: өмүр  баяны  жана таанууга арналган маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр,  үй-бүлөлүк абалы,  каржылык абалы, ден соолугу ж.б. жөнүндө маалыматтар кирет».

Башкача айтканда, сиздин ФАА, дарегиӊизден баштап сүйүктүү музыкалык топторуӊузга чейинки жеке инсандыгыӊызга байланыштуу дээрлик бардык маалымат жеке маалымат болуп эсептелет.  

Сиз көп кирген дүкөн бонустук карта үчүн анкета толтуруп берүүӊүздү өтүнөт. Дал ушул анкета жеке маалыматтарыӊызды топтоо иш-аракетине кирет. Ал эми дүкөн алардын алуучусу, сактоочусу жана иштеп чыгуучусу болуп калат. Почта сервистери, социалдык тармактар дагы жеке маалыматтардын алуучусу, сактоочусу жана иштеп чыгуучусу болуп эсептелет. Бул боюнча алар милдет алат – маалыматтарды туура алуу, алар менен туура иштөө жана тийиштүү түрдө сактоо. Мисалы, жакшы көргөн дүкөнүӊүз сизге тиешелүү маалыматтарды тааныбаган компанияларга берип салса, жана алар күнү-түнү сизге чалып, аты-жөнүӊүздү атап, өздөрүнүн товарлары менен кызматтарын таӊуулай берсе, албетте бул жагдай сизге жакмак эмес. Дал ошол башаламан маалымат жүгүртүмүнүн алдын алуу үчүн мыйзам иштелип чыгып, ишке киргизилген.  

Демек, сизге таандык жеке маалыматтарды топтоодо, иштеп чыгууда жана башкаларга берүүдө мыйзамдын талаптары сакталууга тийиш. Мыйзамда орун алган негизги принциптердин айрымдарына токтолуп кетели:

1

Жеке маалыматтардын көлөмү жана топтоонун өзү максатка ылайык болууга, жана дайыма сиздин макулдугуӊуз менен ишке ашырылууга тийиш. Маалыматтарды максатка туура келбеген, ал тургай ага каршы келген түрдө иштеп чыгууга тыюу салынат.

Мисал: Дүкөндөн бонустук карта алуу үчүн сиздин ФАА жана байланышуу үчүн телефон номериӊиздин берилиши жетиштүү. Ал эми сиздин жылдык кирешеӊиз, иштеген жериӊиз, үй-бүлөӊүздүн курамы, жашаган дарегиӊиз ж.б. тууралуу маалыматтардын чогултулушу күмөндүү болуп саналат. Эгерде дүкөн жашаган дарегиӊизди сураса, анда эмне үчүн зарыл экенин негиздеп берүүгө тийиш. Бонустук карталар даярдалган соӊ почта/курьер аркылуу жибериле турган болсо, анда дүкөн даректи сурап-билүүгө укуктуу. Башка учурларда сурай албайт. Дүкөн бонустук карталар үчүн алынган маалыматтарды, мисалы, ички маркетингдик анализ үчүн пайдалана албайт, анткени анкета толтуруп жатканда алар бул тууралуу билдирген эмес. Мындай аракеттер башкы максаттан четтөөгө жатат. Эгерде бонустук картаны алгандан кийин сиздин телефонуӊузга дүкөндөгү акциялар жөнүндө смс-билдирүүлөр келе баштаса, ал эми анкета толтуруп жатканда бул тууралуу алдын ала маалымат берилбесе – анда бул мыйзам бузууга жатат. Ошондуктан жеке маалыматтарыӊызды башкаларга берген сайын маалыматтардын эмнеге керек экенин (максатты) жана эмне үчүн дал ушул маалымат (үй-бүлөнүн курамы, социалдык тармактарга шилтемелер, киреше ж.б.) топтолуп жатканы тууралуу ойлонуп коюш керек.   

2

Максат алдын ала жана так белгиленүүгө, ошондой эле КР аракеттеги мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.

Мисал: Сизден баллдар киргизиле турган бонустук карталарды даярдоо жана аналитика жүргүзүү үчүн маалыматтарыӊыз жазыла турган анкетаны толтуруп берүүнү өтүнүштү. Алгачкы максат толук түшүнүктүү болсо, аналитика – түшүнүксүз. Укуктук максаттарга токтолсок, сиздин маалыматтарыӊыздын сизди финансы пирамидасына каттоо үчүн топтолушу – мыйзамсыз. Себеби, аракеттеги мыйзамдар боюнча, финансы пирамидаларынын иштөөсүнө тыюу салынган жана аларды уюштуруу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.   

3

Жеке маалыматтар тийиштүү түрдө корголууга жана сакталууга, ошондой эле максатка жеткен же керек болбой калган соӊ жок кылынууга тийиш. 

Мисал: Дүкөндөгү бонустук карталарды алуу үчүн жеке маалыматтарыӊыз киргизилген компьютерлер шартбелгилердин жардамы менен корголушу керек. Түзүлүштөрдү белгилүү гана кызматкерлер колдоно алат. Компаниянын ичинде маалыматтарды сактоо жана жок кылуу процедурасын жөнгө салуучу жердик актыларды иштеп чыгуу зарыл. Дүкөндөгү ар кайсы стажёр, кароолчу же жууп-тазалаган кызматкер кардарлар тууралуу маалыматтарды көчүрүп алуу мүмкүндүгүнө ээ болсо, анда бул мыйзам бузууга жатат. Маалыматтарды сактоо жана аларга мүмкүндүк алуу шарттарынын мааниси мындай маалыматтар улам жаӊыланып, мыйзамсыз өзгөртүүлөр менен толуктоолордон дагы корголуп турушунда. Жарандар каттоо органына барганда жашаган дарегинин алардын кабары жана катышы жок өзгөргөндүгү, кош ИНН жөнүндө кокустан билип калган учурлар маалыматтарга мыйзамсыз ээ болуу жана аларды өзгөртүп, толуктоо аракеттерине мисал боло алат.

4

Сиздин өзүӊүздөн алынган жеке маалыматтардан кабардар болууга, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу фактысын, аларды иштеп чыгуунун максаттары менен себептерин, ээ болуу булактарын билүүгө, алар жеткиликтүү болгон кишилер, маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо мөөнөттөрү тууралуу, ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөн башка маалыматтарга ээ  болууга укугуӊуз бар.

Мисал: Сиз анкета толтурган дүкөнгө кайрылып, аларда өзүӊүз тууралуу кандай маалыматтар бар, алар кайда жана кандай сакталып турганы боюнча сурап-биле аласыз, ошондой эле топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо иш-аракеттери мыйзамсыз ишке ашырылганы же чындыкка дал келбегени аныкталган учурда дүкөндүн тийиштүү кызматкерлери мындай маалыматтарды бөгөттөп салууга милдеттүү.

Сиздин жеке маалыматтарыӊыздын топтолушу, иштелип чыгышы жана сакталышы сиз жарык дүйнөгө келгенде төрөт үйүнүн дарыгерлери документтерди жолжоболоштурган   учурдан тарта башталган жана бүгүнкү күнгө чейин ар кандай субъектилер  – мамлекеттик органдар, жумуш берүүчүӊүз, интернет-дүкөн, билим берүү мекемелери тарабынан аткарылып келет… Тилекке каршы, алардын жүгүртүмү азыркы учурда укуктук базанын бар экенине карабастан жакшы көзөмөлгө алынбай келет.

Ой-пикир кошуу

кирүү