«Таттуу токоч» менен жеке өздүк маалыматтардын эмне окшоштугу бар?

Автор: Бекболот Касаболотов

Сүрөт: Pixabay

Ар кандай сайт жана интернет-баракчаларда отуруп, сиз карап жаткан сайт cookie-файл колдонот жана аны колдонууну улантуу менен сиз cookie-файлдардын эрежелерине  макулдугуңузду бердиңиз деген билдирүүлөр менен тааныш болсоңуз керек. Ал эмне, эмне керектиги бар жана аны кантип колдонуу керектигин билесизби? Жана «таттуу токоч» менен жеке өздүк маалыматтардын кандай тиешеси бар?

Cookie же котормосунда  «таттуу токоч» – бул сиз веб-сайттарга киргенде сиздин түзмөккө сакталып кала турган файлдар. Аларда колдонуучу жана колдонуучунун сайтка киргендеги аракеттери жөнүндө маалымат сакталып калат. Аталышын жоромолдордун бири боюнча Гензелдин үйгө жолду табуу үчүн жерге нандын күкүмдөрүн таштаган ага-ини Гриммдердин «Гензель жана Гретель» жомогу менен байланыштырышат. Сайттар үчүн Куки так ошол нандын күкүмдөрү болуп эсептелет.

Бул  «таттуу токочтор» сиз жана сиздин аракеттериңиз жөнүндө ар кандай маалыматтарды камтуусу мүмкүн. Мисалы аларда төмөнкү маалыматтар болушу мүмкүн:түзүлмөктүн түрү, операциондук системанын версиясы, ip-адрес, аты, почта, логин менен пароль жана башкалар.

Сиздер билгендей жеке өздүк маалыматтарга адам жөнүндөгү аны түз же кыйыр түрдө өздүгүн тактоого жардам берген ар кандай маалыматтар кирет.

«Куки» жеткиликтүү ченемде конкреттүү адамдын түз же кыйыр түрдө өздүгүн тактоодо маалыматка бай экендигин  эске алганда, жеке өздүк маалыматтар менен иш алып баруу сыяктуу эле, «таттуу токочтор» менен иштөөдө колдонуучунун макулдугу талап кылынат.

Ой-пикир кошуу

кирүү