Шайлоо учурундагы жалпыга жеткиликтүү жеке маалыматтар

Автор: Эдил Эралиев

Сүрөт: Алина Печенкина

Tizme.gov.kg маалымат сайтынан шайлоочунун фамилиясы, аты жана атасынын аты боюнча ал бара турган шайлоо участогун, башкача айтканда катталган жери жана барган жерлери тууралуу маалыматтарды табууга болот. Мындай маалыматты алыш үчүн адамдын шайлоочунун фамилиясын, атын жана атасынын атын гана билүүсү жетиштүү. Үгүт иштеринде аталган тизмени шайлоого катышып жаткан саясий партиялар, талапкерлер колдонушат. Шайлоочулардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгаруу аракети мыйзамдуу деп эсептелеби? Бул тууралуу кененирээк материалыбызда айтып беребиз. 

Алгач биз жеке маалыматтарга белгилүү бир физикалык жакка түздѳн түз же кыйыр түрдѳ таандык болгон бардык маалыматтар, тактап айтканда адамды идентификациялай турган, анын ичинде БШК ѳз сайтында жайгаштырган шайлоочулар жѳнүндѳ маалыматтар да кирерин белгилей кетмекчибиз.

Жеке маалыматтар жѳнүндѳ мыйзамга ылайык, коомду маалымат менен камсыз кылуу максатында жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдерин (справочниктер, телефон китепчелери, дарек китепчелери ж.б.) даярдап чыгууга болот. Бирок кишинин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы жана жери, жашаган дареги, байланыш телефонунун номери, кесиби жѳнүндѳ маалымат, субъект тарабынан берилген жана/же жеке маалыматтардын субъектисинин уруксаты менен түзүлгѳн учурда ачык булактардан, жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү башка массивдеринен алынган маалыматтар субъектинин жазуу жүзүндѳгү макулдугунун негизинде жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдерине киргизилиши мүмкүн.    

Жеке маалыматтарын берүүдѳн мурун ар бир жаран топтолгон маалыматтардын тизмеси камтылган  жеке маалыматтардын массивинин ээси менен, аларды чогултуунун жана пайдалануунун себеби жана максаттары менен, жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү мүмкүндүгү менен таанышып чыгышы керек, ошондой эле ѳзүнѳ тиешелүү маалыматтардын башка түрдѳ колдонулушу мүмкүн экендигинен кабардар болууга тийиш.   

БШК ѳзүнүн маалымат сайтына шайлоочулардын жеке маалыматтарын жайгаштыруу үчүн алардын макулдугун алды беле? Суроо ачык бойдон калууда.

Жалпысынан, шайлоочулар кыска убакыттын ичинде ѳз шайлоо участокторун биле алган сайттын болушу зарыл, бирок каалаган ар бир кишинин жалгыз эле ФАА билүү менен сенин шайлоо участогуӊ тууралуу маалыматка ээ боло бериши анча жакшы эмес.

Tizme.gov.kg сайты шайлоочунун жеке маалыматтарынын башка кишилерге ачык жеткиликтүү болушуна жол бербегендей түрдѳ түзүлүүгѳ тийиш. Мындай маалыматтар жеке маалыматтардын кармоочусу катары БШК тигил же бул шайлоочу боюнча маалыматтын кимге берилгендигин биле тургандай идентификацияланган колдонуучуга гана берилиши керек.

Ой-пикир кошуу

кирүү