Шайлоо мезгилинде жеке маалыматтарды коргоонун эрежелери

Автор: Эдил Эралиев

Сүрөт: Алина Печенкина

Саясий партиялар, талапкерлер жана алардын ѳкүлдѳрү шайлоочулардын жеке маалыматтарын алардын макулдугунун негизинде гана чогулта алышат. Мында шайлоочу маалымат топтоонун себептери жана максаттарынан, ага тиешелүү маалыматтардын башка жактарга берилиши мүмкүн экендигинен кабардар болууга тийиш.

Шайлоочулар жеке маалыматтарын саясий партияларга же ѳзүнчѳ талапкерлерге берип бербей тургандыгын ѳз алдынча чечүүгѳ укуктуу экендигин билиши керек. Кандай болгон учурда да жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук жазуу жүзүндѳ гана ѳз колу менен же ишенимдүү ѳкүл аркылуу берилет.

Мыйзам талаптарынын сакталышын камсыздоо үчүн саясий партиялар, ѳзүнчѳ талапкерлер бардык ѳкүлдѳрүнүн же кампанияга катышкан үчүнчү жактардын аталган мыйзам талаптарына ылайык иш-аракет жүргүзүүсүн жана шайлоочунун жеке маалыматтарын анын жазуу жүзүндѳгү макулдугу жок пайдаланбоосун кѳзѳмѳлдѳѳгѳ тийиш.

Ушул себептүү партиялар менен талапкерлер ѳкүлдѳрү тарабынан мыйзамдарда белгиленген функциялары менен укуктарынын сакталышын, анын ичинде тѳмѳнкүлѳргѳ жол берилбешин камсыздоого милдеттүү:

  • алар кандайдыр бир мыйзам бузууга катышы жок же байланышпаган шайлоочуларды сүрѳткѳ тартпоого же алардын сүрѳттѳрүн чыгарбоого тийиш;
  • алар эл алдында жүрбѳгѳн жана шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу үчүн мыйзам бузуу боюнча ар кандай далилдерди колдонгон шайлоочулардын фотосүрѳттѳрүн жалпыга ачык (анын ичинде социалдык тармактардан) жарыялабоого тийиш;
  • алар сүрѳткѳ тартуу же видеого жаздыруу укук бузуунун далили катары кызмат кыла турган учурлардан тышкары башка бардык учурларда эл алдында жүрбѳгѳн тизмелерди ашыкча жана ылайыксыз сүрѳткѳ же видеого тартууга жол бербѳѳгѳ тийиш;
  • алар добуш берүү үчүн келген шайлоочуларды алардын шайлоочулардын жалпыга ачык эмес тизмелеринде камтылган жеке маалыматтарын колдонуу менен альтернативалык каттоодон ѳткѳрбѳѳгѳ тийиш, бул аракетти добуш берүү үчүн келген шайлоочулардын санын эсептѳѳ максатында гана аткарууга жол берилет;
  • шайлоочуларды шайлоо участокторунун алдында массалык жана альтернативалык каттоого жана кѳзѳмѳлгѳ алууга дагы жол берилбейт, анткени шайлоочуларга эркин жана жашыруун добуш берүү мүмкүндүгү берилиши керек. Алар кимдир-бирѳѳ менен жеке саясий ой-пикири же кимге добуш бергендиги тууралуу маалымат менен бѳлүшүүгѳ милдеттүү эмес. Себеби мындай маалымат жеке маалыматтардын ѳзгѳчѳ категориясына таандык болуп, мыйзам аркылуу корголот.

Ал эми шайлоочуларга келе турган болсок, жогоруда белгиленгендей эле, шайлоочунун мыйзам бузуусу байкалган/катталган учурлардан тышкары, үгүт иштери жүргѳн мезгилде жана шайлоо ѳтүп жаткан күнү шайлоочулар ѳздѳрүн сүрѳткѳ же видеого тартпоону талап кылууга укуктуу. Эгерде кайсы бир саясий партия же ѳзүнчѳ талапкер шайлоо кампаниясында сиздин макулдугуӊузду албай туруп жеке маалыматтарыӊызды пайдалана турган болсо, муну токтотуусун талап кылыӊыз.  

Ой-пикир кошуу

кирүү