Ѳзүнүн жеке маалыматтары тууралуу билүүгѳ болобу?

Автор: Эдил Эралиев

Сүрѳт: Алина Печенкина

Жеке маалыматтарды коргоо жеке жашоонун кол тийбестигин коргоо укугу сыяктуу фундаменталдык адам укугу менен тыгыз байланышта, ошондуктан жеке маалыматтарыӊызга ээ болуу мүмкүнчүлүгү сиздин жазуу жүзүндѳгү макулдугуӊуздун негизинде гана берилиши керек.

Жеке маалыматтардын ээси аларды кармоочуда ѳзү тууралуу маалыматтардын бар экендигин билүүгѳ жана мындай маалыматтар менен документтер жѳнүндѳ билүү укугуна ээ. Маалыматтарга ээ болуу мүмкүндүгү акысыз болууга тийиш, же болбосо алар материалдык ташуучуда (кагаз, диск ж.б.) берилген учурда баасынан жогору болбогон ѳлчѳмдѳ акы алынышы мүмкүн.

Мыйзамда жеке маалыматтардын субъектиси алардын кармоочусунан ѳзүнѳ тиешелүү маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча, тагыраагы тѳмѳнкү маалыматтарды алууга укуктуу экендиги жазылган:

  • маалыматтарды кармоочу тарабынан жеке маалыматтардын иштелип чыгуусун ырастоо;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун укуктук негиздери жана максаттары;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун максаттары жана кармоочусу тарабынан колдонулган ыкмалар;
  • жеке маалыматтарды кармоочунун аты-жѳнү/аталышы жана жайгашкан жери, аларга ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар же келишимдин же мыйзамдын негизинде жеке маалыматтар бериле турган кишилер жѳнүндѳ маалымат;
  • иштелип чыккан жеке маалыматтар жана алар алынган булактар;
  • жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун мѳѳнѳтү жана аларды сактоо мѳѳнѳтү;
  • жеке маалыматтардын субъектиси тарабынан ѳз укуктарын ишке ашыруу тартиби;
  • жеке маалыматтарды ишке ашырылган же болжолдонгон транс чек аралык ѳткѳрүү тууралуу маалымат.

Субъектинин жеке маалыматтарынын болушу жана мазмуну жѳнүндѳ маалымат ага жалпыга жеткиликтүү формада берилүүгѳ, так жана ачык чагылдырылууга, ошондой эле башка кишилерге  таандык жеке маалыматтарды камтыбоого тийиш.

Бирок ѳзүӊүздүн жеке маалыматтарыӊыздан кабардар кылуудан баш тартуу үчүн негиз болгон айрым шарттар да бар.  

Эгерде сиз мамлекеттик сырды түзгѳн маалыматтарга ээ болсоӊуз, мыйзам бузуу жолу менен ишке ашырылган учурлардан тышкары, сизге тиешелүү маалыматтар оперативдик-издѳѳ аракеттеринин натыйжасында алынган болсо, ошондой эле кылмышка шектүү катары, же болбосо кылмыш иши боюнча айыпталган, тыюу салуучу чаралар кѳрүлгѳн учурларда маалыматтардын кармоочусу сизге таандык жеке маалыматтарды берүүдѳн баш тарта алат.

Ой-пикир кошуу

кирүү