Кантип ишенимдүү шартбелги ойлоп табабыз?

Автор: Эдил Эралиев

Сүрѳт: Алина Печенкина

Ишенимдүү эмес шартбелгинин айынан кѳп кѳйгѳй жаралышы ыктымал. Сиз социалдык тармактардагы бузуп кирген аккаунттар, электрондук почталар тууралуу кѳп эле уксаӊыз керек. Башкалар тарабынан бузуп кирүүлѳрдүн башкы себеби – начар же ишеничсиз шартбелги. Ишенимдүү шартбелгини кантип ойлоп табууга боло тургандыгы жѳнүндѳ бул материалда кененирээк айтып беребиз.

1

Ишенимсиз шартбелгилер

Алгач потенциалдуу ишенимсиз деп табылган шартбелгилердин тизмеси менен таанышып чыгалы. Эгерде сиз койгон шартбелги бул тизмеге кирсе, анда аны ѳзгѳртүүнү сунуштайбыз. Тѳмѳнкүдѳй маалыматты камтыган шартбелгини ишенимсиз деп билебиз:

  • туулган күнү,айы, жылы;
  • сиздин, жакын адамдарыӊыздын, үй жаныбарларыӊыздын аттары;
  • телефон номериӊиз же унааӊыздын маркасы;
  • электрондук почтанын аталышы менен бирдей шартбелги;
  • же болбосо, 12345678, password жана qwerty сыяктуу шартбелги.

2

Ошондо кандай шартбелги ишенимдүү боло алат?

Баш тамгалар менен сап тамгалардын, цифралардын, атайы  символдордун айкалышын колдонгон учурда ишенимдүү шартбелги түзүүгѳ болот. Мисалы, клавиатурадан бардык баскычтарды басып кѳрүӊүз, ошондо бир дагы хакер бузуп кире албай турган шартбелги ѳзүнѳн-ѳзү пайда болот.

  • $$34t8heg46casnk
  • @)#IFDBFSYQDJK
  • 986JHBFqwadakm$
  • Ajksc243hcvsdh087

Бирок мындай шартбелгилердин кемчилиги да бар, аларды эске тутуп калуу дээрлик мүмкүн эмес. Ушул себептүү эске тутуп калууга боло турган ишенимдүү шартбелгини ойлоп табуунун бир нече ыкмасын сунуштайбыз.

3

Биринчи ыкма

Каалаган фразаны алабыз, мисалы, Джунгли китебин.

Аны латын тамгалары менен жана бѳлбѳй жазабыз: KnigaDzhungley.

Тамгалардын бир бѳлүгүн окшош белгилер менен алмаштырабыз. Мисалы, Kn!g@Dzhung1e!

Эми ѳзүӊүзгѳ жаккан сандарды, курагыӊызды же туулган күнүӊүздү сѳздѳрдүн ортосуна же аягына кошуп коёбуз: Kn!g@13Dzhung1e!35

Мындай шартбелги ишенимдүү болот жана аны эске тутуп калуу оӊой.

4

Экинчи ыкма

Каалаган китепти алып, каалаган бетти ачыӊыз да, бир сѳздү тандаӊыз. Мисалы, «ѳрт» деген сѳздү, ал эми кийинки туш келген беттен «жол» деген сѳздү, ошентип бир нече беттен бир нече сѳздү тандадыӊыз дейли. Бул сѳздѳрдѳн шартбелги түзѳбүз. Ал эми аны жаттап калыш үчүн аларды катыштырып сүйлѳм түзѳбүз да, айрым тамгаларын биринчи ыкмада кѳрсѳтүлгѳндѳй кылып символдор, цифралар менен алмаштырабыз.  

Жаӊы шартбелгини дайыма эле дароо жаттап калуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, башында шартбелгини кол менен киргизип турган жакшы. Бир нече жолу киргизгенден кийин механикалык эстутум калыптанып, аны рефлекстүү түрдѳ киргизе баштайсыз.

Шартбелгини мээге сактап калуу маанилүү. Аны кагазга же телефондогу эскертүүлѳрдүн арасына сактабаӊыз. Мындай ыкмалар ишенимдүү боло албайт, анткени аларды башкалар да кѳрүп калышы мүмкүн.

Ал эми эӊ кыйын нерсе – бир эле учурда бир нече шартбелгини эске тутуп калуу. Мындай учурлар үчүн шартбелги менеджердлери бар: KeePass, LastPass. Булар сиз үчүн шартбелгилерди эске тутуп, сактай турган программалар. Сизден болсо, негизги   – бул программаларга кире турган шартбелгини ойлоп таап, жаттап калуу гана талап кылынат.

Ой-пикир кошуу

кирүү