«Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты» деген эмне?

Автор: Ильяна Жедигерова

Сүрѳт: Алина Печенкина

Документтин башкы максаты – бул жеке маалыматтарын алган кызматкерлерди, сатып алуучуларды, контрагенттерди жана башка кишилерди алардын жеке маалыматтарына карата коргоого алынган топтоо, сактоо, иштеп чыгуу жана колдонуу, жок кылуу боюнча тийиштүү бардык чаралар кѳрүлѳ тургандыгынан кабардар кылуу.

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу саясатынын кандайдыр бир бекитилген формасы жок.

Саясат маалымат топтоонун, иштеп чыгуунун жана сактоонун конкреттүү мѳѳнѳттѳрү менен максаттарын сыпаттоого, жетекчиликтин жеке маалыматтарды коргоого кызыкдар экендигин чагылдырууга, саясат менен мыйзамдардын талаптарынын сакталбагандыгы үчүн жоопкерчиликтин ченемдерин белгилѳѳгѳ, субъектини маалыматтардын ѳзгѳртүлүшүнүн ар бир учуру же аларга ээ болуу мүмкүндүктѳрү жѳнүндѳ маалымат берүү жана аларды коргоо жаатында талаптардын сакталышын билдирүүгѳ тийиш.  

Мындан тышкары саясатта маалыматтардын кармоочусу субъектинин жеке маалыматтарын башка кишилерге берүүсүнѳ жол берген же бербей турган бардык учурлар дагы чагылдырылышы керек.

Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу саясаты жашыруун же ѳтѳ эле ички документ болуп эсептелбейт. Бул – жеке маалыматтарды бирге колдонуу боюнча конкреттүү бир адам менен уюмдун ортосунда түзүлгѳн декларациялык келишим. Саясаттын тексти жалпыга жеткиликтүү болууга тийиш, ал тургай веб-сайтка да жайгаштырылат.

Мында ар бир кызматкер жеке маалыматтарды коргоону камсыздоонун маанисин түшүнүүсү зарыл. Бул үчүн кызматкерлерге маалымат берилип, инструктаж ѳткѳрүлүүгѳ жана эмгек жана башка келишимдерге тийиштүү жоболор киргизилип, жеке маалыматтардын коопсуздугу жѳнүндѳ ички жана тышкы талаптардын сакталбагандыгы үчүн дисциплиналык жоопкерчилик тууралуу ѳзүнчѳ пункт кошулушу керек.   

Ой-пикир кошуу

кирүү