Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Автор: Бермет Джаныкулова
Сүрѳт: Алина Печенкина
Сентябрь айында президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин курамын ѳзгѳрттү. Жаӊы курамда мурунку ведомстволордун катарын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик толуктады. Агенттик тууралуу материалдан кененирээк айтып беребиз.
1
Эмне үчүн жеке маалыматтарды коргоо
боюнча мамлекеттик агенттик жаӊы гана пайда болду?
“Жеке мүнѳздѳгү маалымат жѳнүндѳ” Мыйзамга ылайык, аталган орган бир нече жыл мурун эле ишке киришиши керек болчу. Мыйзамда ал жѳнүндѳ мындай деп жазылган:
“Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) – жеке маалыматтарды иштеп чыгууну ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүүнү, жеке маалыматтардын субъектилеринин (субъектилердин) укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, Жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды камсыз кылуу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган”.
Бирок коомго белгисиз себептерден улам, аны чындап түзүү жѳнүндѳ эми гана ойлонушту.
2
Агенттиктин иштеши бизге кандай таасир тийгизет?
Жогорудагы мыйзамга ылайык, юридикалык жактар жеке маалыматтардын массивин кармоочу (ээси) катары мамлекеттик агенттиктен каттоодон ѳткѳн соӊ жеке маалыматтар менен иштѳѳ укугуна ээ болушат. Демек, агенттик ѳз ишин баштаган болсо, анда каттоо жѳнүндѳ ченем дагы аткарыла баштайт.
Ал эми катардагы жарандар үчүн жеке маалыматтарга байланыштуу, ошондой эле жеке менчик компаниялардын, абийирсиз кишилердин, мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнѳн укуктарын коргоо үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
3
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча
мамлекеттик агенттик кандай ыйгарым укуктарга ээ?
Мыйзам боюнча мамлекеттик агенттик кеӊири ыйгарым укуктарга ээ:
4
Мамлекеттик агенттиктин функциялары тууралуу кененирээк кайдан окуп чыкса болот?
Мамлекеттик агенттиктин жобосу ушул тапта иштелип чыга элек жана кабыл алына элек. Ошондуктан анын ыйгарым укуктары менен милдеттеринин толук тизмеси азырынча белгисиз.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]