Мыйзам алкагынан чыгарып…

Сүрөт: Акчабар

Автор: Эдил Эралиев

Коомдук талкууга, мамлекет акциялардын жарымынан көбүнө ээлик кылган коммерциялык уюмдарды «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын карамагынан алып чыгарууну көздөгөн  мыйзам долбоору коюлду

Сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн демилгечиси – «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын парламенттик фракциясынын депутаты Жыргалбек Турускулов. Анын ой-пикиринде, абалды өзгөртүү муктаждыгы олуттуу себептерден улам келип чыккан: ушул учурга карата түзүлүп калган кырдаал мамлекет акциялардын жарымынан көбүнө ээлик кылган коммерциялык уюмдардын экономикалык ишмердигине терс таасир этип, алардын жетиштүү деңгээлде өнүгүүсүнө жана базар чөйрөсүнүн башка катышуучулары менен атаандашууга мүмкүнчүлүк бербей келүүдө, – деп жазылган негиздөө маалымдамасында.

Ошондой эле парламент мүчөсү билдиргендей, мамлекет акциялардын 50%дан ашык үлүшүнө ээлик кылган акционердик коомдор мамлекеттик уюмдар да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар да болуп саналбайт, алар бүжеттик колдоо жана мамлекеттик же муниципалдык насыя алышпайт, – демек, мындай акционердик коомдордун  каражаттары мамлекеттик каржысы же каражаттары болуп таанылбайт. А «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзам болсо мамлекеттик гана сатып алууларга байланыштуу мамилелерди жөнгө салат.

Эгерде статистикага кайрылсак, мамлекеттик сатып алуулардын Интернет-порталындагы маалыматтарга ылайык, 2018-жылы өлкө боюнча жалпы каржысы 93 миллиард 875 миллион 44 миң 21,3 сомду түзгөн 132 миң 849 жарыш жарыя кылынган. Мында ошол жылдагы эң ири көлөмдөгү сатып алууларды төмөндөгү коммерциялык компаниялар жүргүзгөн:

  1. «Электр станциялары» Ачык акционердик коому – сатып алуусунун көлөмү 8 миллиард 222 миллион 713 миң 390,72 сом түзгөн;
  2. «“Манас” эл аралык аэропорту» ААК – 3 миллиард 062 миллион 691 миң 229,58 сом;
  3. «Түндүкэлектр» ААК – сатып алуусунун көлөмү 2 миллиард 677 миллион 364 миң 187,68 сом;
  4. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК – 1 миллиард 523 миллион 053 миң 120,92 сомду түзгөн.

Мына дал ушул, жогоруда көрсөтүлгөн коммерциялык уюмдарды «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын карамагынан алып чыгарууну көздөп жатышат.

Мамлекеттик органдардын арасындагы эң ири сатып алуучу катары, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети болуп саналат. Ал 2018-жылы жалпы каржылоосу 5 миллиард 200 миллион 289 миң 567 сомду түзгөн жарыштарды жарыялаган.

Белгилеп кете турган дагы бир нерсе, эгерде мамлекеттин үлүшү бар коммерциялык компанияларды аталган мыйзамдын карамагынан чыгарышса, ал эми жарыш жол-жоболорун компаниялардын ички актылары боюнча өткөрүшсө, мунун өзү зор жемкордукка жол ачып бериши толук ыктымал.

Кыргызстандын эң жакын кошуналарынын тажрыйбасын карап көрсөк, мисалы, Казакстандын мыйзамдары боюнча, акциялардын 50%дан ашык үлүшү мамлекетке таандык болгон улуттук холдиңдер менен компаниялар мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамдын алкагынан чыгарылган, бирок ошол эле учурда тийиштүү жол-жоболору өкмөт беките турган башка нормалоочу-укуктук актынын карамагына өткөрүлгөн.

Ой-пикир кошуу

кирүү