«Кластер» дейсизби, ал эмне экен?

Ушул күндөрдө «Кластерлер жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анын максаты – Кыргыз Республикасында аларды түзүү жана өнүктүрүү боюнча укуктук карым-катнаштарды жөнгө салуу

Сунуш кылынган мыйзам долбоору эмнелерди камтыйт?

Анын түшүнүктөр аппаратында мындай аныктама бар:

 «Кластер – бул белгилүү административдик-аймактык бирдиктин атаандаштыктагы артыкчылыктарын биргелешип ишке ашыруу максатында бириккен юридикалык жана жеке жактардын ар түрдүү тармактардагы экономикалык ишмердиги».

Документ негизинен өлкөдө кластерлерди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты илгерилетүүгө багытталып, аларга катышкан мүчөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кепил кылат.

Жогоруда аталган «юридикалык жана жеке жактардын ар түрдүү тармактардагы экономикалык ишмердигин» негиздөө укугу Өкмөткө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана – менчик түрүнө карабастан – чарба жүргүзгөн субъекттерге берилет. Ал эми иш-чаралар программасы жана өнүктүрүү механизмдери Өкмөттүн чечими аркылуу бекитилет .

Мыйзам долбоорунда ошондой эле кластерлер бирикмелерин түзүү да каралган. Аягында биротоло иштеп чыгарылган негизги өнүмдүн курамына кире турган заттардын бардык өндүрүүчүлөрү мындай бирикмелердин мүчөсү боло алышат. Мисалы, ванилин аттуу жагымдуу жыттанган затты өндүргөн ишкана май токоч чыгарчу кластердик бирикмеге кире алат.

Америкалык экономист Майкл Портердин теориясына ылайык, кластер — бул белгилүү бир тармакта иш жүргүзүп жана бири-бирин толуктап, бир аймакта кошуналар катары жайгашкан жана өз ара карым-катнаштагы (жеткирип берген, өндүргөн) компаниялардын жана алар менен байланышта болгон (билим берүү мекемелери, мамлекеттик башкаруу органдары, инфратүзүм компаниялары) уюмдардын тобу.

Азыркы учурда өлкөдө «Кластерлер жөнүндө» деп аталган өз алдынча мыйзам жок, бирок Өкмөттүн 2010-жылдын 20 февралында чыгарган буйругу бар, анын максаты – мамлекеттин экономикалык жана азык-түлүк жаатындагы коопсуздугун камсыз кылуу, экономикада кластердик карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу.

2014-жылы Өкмөттүн буйругу менен Ысык-Көл областында «Тоо-лыжа кластери» алгачкы долбоорун иштеп чыгаруу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн, ал эми  2015-жылдын аягында даярдалган документ бекитилген. Өкмөттүн ушул чечими боюнча, Жыргалаң,  Боз-Учук, Челпек, Кереге-Таш жана Светлая Поляна аймактарында беш тоо-лыжа базалары курулууга тийиш.

Аталган мыйзам долбоордун демилгечилери – Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын депутаттары Канат Керезбеков жана Асилбек Жээнбеков. Мурдарак, 2016-жылы, Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик иштеп чыгарган ушул сыяктуу эле «Кластерлер жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. 

Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, үлгүлүү мисалдар катары АКШнын Силикон өрөөнүндө жайгашкан технологиялык же Италиядагы бут кийим кластерлерин атоого болот. Ал эми Германияда 1995-жылдан бери «Bio Regio» биотехнологиялык кластерлерди түзүү программасы ишке ашырылууда.

Жалпы-жонунан алганда, мамлекеттин экономикасы үчүн кластердик система ички базар чөйрөсүндө бүчүрлөп келе жаткан көчөттөрдүн милдетин аткарып, депутаттардын ушул жааттагы соңку демилгеси Кыргызстан экономикасын өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү бериши мүмкүн.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү