Президенттик кызматты эңсеп…

Борбордук шайлоо комиссиясы аппаратынын маалымат бөлүмү ырасмий түрдө кабарлагандай, 31-июлга карата өздөрүн көрсөткөн талапкерлерден 47 арыз, ал эми саясий партиялардан 11 талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө 10 чечим келип түштү («Ата Журт» патриоттук партиясы эки талапкерди көрсөттү). Жалпы-жонунан президенттикке талапкер катары 58 киши арыз берди

Ал ортодо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүнө чейин болгону эки жарым ай калды. Ушул жогорку мамлекеттик кызматка умтулган кишилерге кандай талаптар коюлат, ким президенттикке талапкер боло алат?

Кыргызстан Конституциясынын 62-беренесине ылайык, «Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат… Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт». Балким, ошондуктанбы, бирок мурдагы шайлоо алдында бул бийик мартабалуу кызматка умтулгандардын саны 83кө жетип, деги мурда болуп көрбөгөн көрүнүшкө айланган.

Сот тарабынан жөндөмсүз деп таанылган же жазаларды аткаруу мекемелеринде мөөнөтүн өтөп жаткан, ошондой эле мыйзам белгилеген тартипте соттолгондугу жокко чыгарылбаган жарандар президенттик кызматка шайланууга укугу жок.

Эгерде талапкер жогоруда айтылган шарттарга жооп берсе, Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү документтерди тапшыра алат.

Президенттик кызматка умтулган жаран эң мурда өзүн көрсөтүп жаткандыгын билдирген арызын же саясий партиянын чечиминин протоколун, өмүр баянын, паспортунун көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, шайлоо күрөө каржысын төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификатты көрсөтөт.

Мындан тышкары, Президенттикке талапкер катары 30 миңден кем эмес шайлоочунун колтамгасын топтогон адам каттала алат. Быйылкы президенттик шайлоо календарына ылайык, шайлоочулар кол койгон баракчалар Боршайкомго ушул жылдын 26-августуна чейин тапшырылууга тийиш.

Талапкерди көрсөтүү тартиби Конституция менен шайлоо мыйзамына дал келгендигин ал жөнүндөгу документтер келип түшкөндөн баштап 10 күн ичинде жумушчу топ текшерет да, алар салыштырып текшерилгенден кийин маселени БШК кароосуна коёт. Талапкердиги көрсөтүлгөн жаранга оң жооп берилсе, ага ошол жөнүндө тийиштүү күбөлүк кат берилет. Ал эми четке кагылган талапкерге комиссиянын тиешелүү чечими тапшырылат.

Ошол эле учурда мурдарак президенттикке талапкердигин койгон жаран өз ниетинен баш тартса (быйылкы шайлоого үч кун калган мезгилден, демек, ушул жылдын 12-октябрынан кечикпестен), бул тууралуу БШК дарегине жазуу түрүндө арыз беришке укуктуу.

Cүрөт: Sputnik.kg

 

Ой-пикир кошуу

кирүү