25-августта – кезексиз жыйын

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кезексиз парламенттик сессияны эртең, ушул жылдын 25-августунда, 9 саат 30 мүнөттө өткөрүүнү белгиледи

Мурдарак мамлекет башчысы парламент жетекчисине өкмөттүн жаңы курамын түзүү максатында ушул иш-чараны сунуш кылган, анткени Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары кызматынан кеткен.

Биз мурда маалым кылгандай, Конституция менен Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, Президенттин, өкмөттүн же депутаттардын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгүнүн сунушу боюнча ЖК кезексиз чакырылат.

Аталган документтерге ылайык, парламенттик көпчүлүктүн башкаруу бирикмеси 25 жумуш күн ичинде премьер-министрликке талапкерди аныкташы керек. Ал болсо, өз кезегинде, 7 иш күн ичинде депутаттардын кароосуна өлкө өкмөтүнүн программасы, түзүлүшү жана курамы  долбоорлорун көрсөтүүгө тийиш.

Ушул учурда Жогорку Кеңеште башкаруу көпчүлүгүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясы менен бирге «Кыргызстан» жана «Бир Бол» саясий партиялары түзөт.

Ой-пикир кошуу

кирүү