Салыкчылар Ысык-Көлдө жолугушту

Ысык-Көлдө бир эле учурда эл аралык деңгээлдеги эки иш-чара өткөрүлдү: КМШ   өлкөлөрүнүн салык кызматтары жетекчилеринин тескөө кеңешинин (КМШ СКЖТК) 24-отуруму жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) алдындагы Салыктык саясат жана тескеп-башкаруу боюнча кеңеш берүүчү комитеттин 12-отуруму болуп өттү

МСК басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагалыгынын алдында болгон Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчөлөрүнүн Салык кызматтары жетекчилеринин тескөө кеңешинин отурумуна Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан өлкөлөрүнүн салык органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, мындан тышкары, КМШнын аткаруу комитетинин жана Россия Федерациясынын өкмөтүнө караштуу Каржы университетинин атынан КМШ СКЖТК базалык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын МСК төрагасы Октябрь Абдыкайымов өзүнүн сөзүндө КМШнын тийиштүү мамлекеттик институттарынын өз ара байланыштары жана өз ара иш-аракет жүргүзүүсү чечүүчү мааниге ээ экендигин жана аларды өзгөчө дүйнөлүк экономиканын тез ааламдашуу шартында бекемдөө зарылчылыгын белгиледи.

Бул багытта салыктык тескеп-башкаруу чөйрөсүндө натыйжалуу өз ара кызматташууга, маалыматтарды өз ара ыкчам жана сапаттуу алмашууга, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык жактан интеграциялоонун жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүүгө багытталган салык органдарынын ишмердигинин мааниси өсүүдө.

– Кыргызстан үчүн мындай шарттар өлкөбүздүн Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигине киришине байланыштуу өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Бүгүнкү күнү өлкөбүздүн салык органдары салыктык башкаруудагы жаңы кадамдарды пайдалануу аркылуу алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууда. Алар заманбап маалыматтык технологияларды пайдаланып, салыктык тескеп-башкаруунун жаңы жол-жоболору жана ыкмалары жыл сайын жакшырып жана жайылтылып келет. Көрсөтүлгөн кызматтардын тизмеси кеңейтилип, салыктык жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлүүдө жана салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө, – деп белгиледи Кыргызстан МСК башчысы.

Отурумга катышкандар КМШ өлкөлөрүнүн каржы-экономикалык чөйрөсүндөгү өз ара кызматташуусунун орчундуу маселелери каралып,  электрондук соода жүргүзүүнүн салыктык тескеп-башкаруу тажрыйбасынан жана салык төлөөчүлөр менен өз ара иш-аракет жүргүзүү ыкмаларынан бөлүштү. Ошондой эле КМШ СКЖТК эн тамгасы (эмблемасы) бекитилди. Андан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн салык мыйзамдарына үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген өзгөртүүлөрдү талкууга алынды.

Тескөө кеңеши кийинки жылга карата иштин негизги багыттарын белгилеп, 2017-2018-жылдарга карата иш планын бекитти.

ЕЭКнын алдындагы салыктык саясат жана тескеп-башкаруу боюнча кеңеш берүүчү комитетинин 12-отурумунун катышуучулары Кыйыр салыктарды алуу тартиби жана алардын товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө төлөнүшүн көзөмөлдөө жол-жобосу жөнүндө протоколго, ошондой эле ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин салык органдарынын ортосунда электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө протоколуна киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор талкууланды. Мындан тышкары, ЕАЭБдеги электрондук соода жүргүзүүдөн салык алуунун концепциялык мамилелери жөнүндөгү маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Кеңеш берүүчү комитеттин ишине ЕЭК жана ЕАЭБ мүчөлөрүнүн салык органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү