Террорго каршы машыгуу чабуул

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Басма сөз борбору билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Ысык-Көл облусунун Бает айылында шарттуу террорчуларга каршы машыгуулар болуп өттү 

«Ысык-Көл Антитеррор-2017» деп аталган бул командалык-штабдык иш чараны  КР МУКК Терроризмге каршы борбору Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин терроризмге каршы күрөшүү субъектилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өткөрдү. 

Машыгуунун жүрүшүндө барымтага алынган адамдарды бошотуу жана колдо жасалган жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу боюнча биргелешкен өз ара иш-аракет жүргүзүү жолдору иштелип чыкты. 

Террористтер кандайдыр бир объектини басып алган же адамдарды барымтага алуудан келип чыккан туңгуюк кырдаалдар жөнүндө маалымдоо жана кабардар кылуу схемасынын майнаптуулугу жана таасирдүүлүгү текшерилип, объектилерде террористик актылардын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча практикалык иштер өткөрүлдү. 

Бул машыгууларды байкап турган тийиштүү мекемелер жана тараптардын ой-пикирлерине ылайык, иш чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар тиешелүү деңгээлде даярдыгын жана макулдашылган шайкеш аракеттерин көрсөтө алышты.  

Ошондой эле террористтик коркунуч келип чыкканда терроризмге каршы күрөшүүчү субъекттер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасындагы иш-аракеттер жана милдеттерди бөлүштүрүлүшүн жана өз ара иш-аракеттерди натыйжалуу көрсөтүлдү.

 

Ой-пикир кошуу

кирүү