Бюджеттик ачык-айкындуулук индекси жарыяланды

Бюджеттик ачык-айкындуулук индекси Кыргыз Республикасында 2017 жылы 100 баллдан 55 баллды тузду.

Бул абал мамлекеттик система жарандарга бюджеттик маалыматты толугу менен бербей жаткандыгын көрсөтөт.

Бюджеттик маалыматты  берүү  учурдагы  абалы кандай?

Эл аралык бюджеттик шериктештиктин (өнөктөштүктүн) баамында Кыргыз Республикасынын Өкмөту бюджеттик маалыматты коомго чектелүү түрдө сунуштайт. Болчу 100 баллдан Кыргызстан болгону 55 баллга ээ болду. Мындай абал өлкөдөгу чыгаша-киреше боюнча маалымат толук өлчөмдө берилбей жаткандыгын көрсөтөт. Демек, жарандардын бюджеттик процесске катышуусу чектелет.

Бюджеттик ачык-айкындуулуктун мааниси

Бюджеттик ачык-айкындуулугу салыштырмалуу бийик денгелдеги  өлкөлөрдө демократиялык системасы туруктуу келип, киреше деңгели жогору, прессанын эркиндиги кең жана коррупциянын деңгели төмөн болот.

Мыйзам эмне дейт?

Конституциянын 52 беренеси жарандарга бюджетти калыптандыруу(түзуү) процессине катышуу укугун берет. Мындан тышкары жарандар бюджеттик чыгаша каражаттары боюнча маалымат алууга укуктуу.

Иш жүзүндө эмне болуп жатат?

Өкүнүчтүүсү, бюджеттик ачык-айкындуулук индекси көрсөткөндөй, бул конституциялык норма жарым-жартылай колдонулуп жатат. Кимдир бирөөнүн бюджеттик маалыматка болгон кызыгуусун чиновниктер(атка минеерлер) алардын чөнтөгүнө кол салуу аракети катары баамдашат. Чиновниктер менен бирге катардагы жарандардын аң-сезиминде мамлекеттик акча-каражаттары – бул салык төлөп жаткан жарандардын  акчасы деген түшүнүк калыптана элек.

Эмне өзгөрүлдү?

2008 жылдан баштап бюджеттик ачык-айкындуулук индексинин жогорулоо динамикасы байкалууда. Аталган жылда бул көрсөткүч 8 баллды түзсө, 2017 жылы 55 баллга чуйин которулду (графикти караныз).

Башка өлкөлөрдүн катарында Кыргыз Республикасынын орду

Бюджеттик ачык-айкындуулук рейтингинде Кыргыз Республикасы 115 өлкөнүн арасында 38-орунду ээледи. Мурунку СССР республикалардын арасынан Грузия 82 баллы менен 5-орунга чыкты. Россия 72 баллы менен 15-орунда жайгашты.

Мындан ары эмне кылуу зарыл?

Эл аралык бюджеттик шериктештик(өнөктөштүк) сунуштайт:

  1. Бюджеттик проекттеги чыгаша боюнча маалыматты көбурөөк көрсөтүү; жарымжылдык бюджеттик отчетту жарыялоо; бюджетти аткаруу боюнча отчеттун сапатын жакшыртуу;
  2. Жарандарды бюджетти калыптандыруу процессине катыштыруу менен бирге мониторинг процессине катыштыруу механизмдерин иш жүзүнө жайылтуу;
  3. Коомчулукту Эсеп палатасынын аудиттер натыйжасындагы отчеттор боюнча парламенттик талкууларга катыштыруу;
  4. Жарандарга аудиттик текшерүүгө тема жана объекттерди сунуштоо механизмдерин иштеп берүү;
  5. Жогорку Кенешке бюджетти аткаруу боюнча отчетторду өтө кылдат менен карап чыгуу жана комитеттердин бюджетти аткаруу боюнча рекомендацияларын жарыялоо;
  6. Бюджеттик көзөмөл менен бирге бюджетке көз карандысыз баа берүүнү күчөтүү.

Корутундап, кошумча катары айта кетерибиз – бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгү өзүнүнөн өзү  жарандардын иштиктүү аракеттерисиз жарандык кызыкчылыктын  учетун камсыздандырбайт. Жарандык коом бюджеттик саясаты калыптандыруусунан баштап, бюджеттик проектти даярдоо, бюджет боюнча мыйзамды парламенттик талкулоо, бюджеттин аткарылышы боюнча мониторинг,  аудит  жана ЖК бул маселе боюнча отчет кабыл алуу процеессине катышуусу зарыл.

Ой-пикир кошуу

кирүү