Буйрутма ректор

Кечээ Жогорку Кеңеште Тышкы иштер министрлигине Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректорун дайыйндоо ыйгарым укугун берүүнү сунуштаган  “Билим берүү жөнүндө” мыйзамындагы өзгөртүү каралды

Мындай өзгөртүүнүн зарылдыгы Дипломатиялык академиясынын иштерин оптималдаштыруу жана Академияны Тышкы иштер Министрлигинин атайын адистештирилген  жогорку окуу жайына айландыруу милдеттери менен байланышкан.

Өкмөттүн айтымында мамлекеттин тышкы саясатын ишке ашырууда ТИМдин ролу бийиктеп жатат. Айрыкча улуттук коопсуздукту камсыз кылууда, глобалдык денгээлде келип чыккан коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турууда аталган министрликтин аткарып жаткан иштери өлкөнүн “күч” тармактары менен барабар.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-незидемесине тууралуу Академиянын ректорун ТИМ тарабынан дайындоо мүмкүнчүлүгү Академиянын статусун Тышкы иштер министрлигинин алдындагы билим берүү мекемеси катары алуу максатына умтулган.

Мыйзам долбоору жалгыз гана өзгөртүүдөн турганына карабастан, Өкмөт дипломатиялык кызматта тажрыйбасы бар, эл аралык иштерде жана саясат чөйрөсүндө теориялык эле эмес, практика жүзүндө  билими дал келген жогорку квалификациядагу кадрларды тартканга ниеттенүүдө.

Депутат Азамат Арапбаев мыйзам долбоорун колдоп, жогорку окуу жайдын ректорунун шайлоосу коллективдин бөлүнушүнө, пикир келишпестикке, ал эми шайлоодон кийин жаңы шайланган ректорго шайлабай койгондордун куугунтугуна алып келээрин байкап кетти. “Демократия жогорку юилим берүү мекемелеринде эч кандай жакшылыкка алып келбейт экен” деп айтып, бардык ЖОЖдордун ректорлорун шайлоо практикасын жоюуну сунуштады.

Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында Кыргызстанда эл аралык мамилелер боюнча адистерге болжол менен 600 кызмат бар. Ошол эле мезгилде өлкөнүн жогорку окуу жайлары жылына орточо 300 бүтүрүүчүнү чыгарат, он жылда 3000 мин бүтүрүүчү болот. Алардын 90% жумушсуз калышат. Ошол себептен элдин өкүлү эл аралык мамилелер боючна адистерди окутуу жана чыгаруу укугун болгону 5 ЖОЖго берелишин сунуштады.

Депутат Аалы Карашев Дипакадемиянын ректору жалгыз гана практик болбостон, окуу процессин уюштура биле турган адамдардан болуш керек экедигин белгилеп кетти.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору бир добуштан биринчи окууда кабыл алынды.

Сүрөттүн автору: Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги

Ой-пикир кошуу

кирүү