Турак жай жөнүндө маалымат акысыз, бирок мүлк ээсине гана

Жарандар кыймылсыз мүлккө карата катталган укуктар жөнүндө маалыматты акысыз ала алышат, бирок бир гана мүлк ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу менен. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Рада Туманбаева тарабынан коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунда айтылат

Эл өкүлү «Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат:

– кыймылсыз мүлккө болгон укуктар жана бүтүмдөр каттоо органы тарабынан (Мамкаттоо) акысыз катталат;

– кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана чектөөлөр жөнүндө маалымат мүлктүн ээсине гана берилет. Ал эми башка жарандар жана жеке уюмдар мындай маалымат алуу үчүн, мүлктүн ээсинин нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдугун алып келүүсү зарыл. Каттоо кызматы маалым кат үчүн эч кандай төлөм талап кылбайт. Ошого карабастан жарандар баары бир чыгым тартышат, себеби мүлк ээсинин макулдугу нотариус тарабынан акчага күбөлөндүрүлөт.

Бүгүнкү күндө доогер өз алдынча эле жоопкердин атына жазылган үй жөнүндө маалыматты алып, сот аркылуу ага камак салдырып кое алат. Бирок мыйзам долбоору кабыл алынган учурда, аталган иш аракеттердин баарын жалгыз соттор гана жүзөгө ашырып калат;  

–  каттоо органына кыймылсыз мүлктүн тарыхын жазуу милдети жүктөлөт. Ал тарыхта каттоо жөнүндө арыздын жана документтердин келген датасы, сааты, арызды жана документтерди кабыл алган, аткарган кызматчынын аты жөнү көрсөтүлүшү керек;

– кыймылсыз мүлктүн каттоо карточкасын* анын ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугунун негизинде алып, таанышууга мүмкүн болот. Мындай учурда мамлекеттик орган каттоо карточкасынын электрондук копиясын акысыз түрдө берет жана аны алган жарандын, макулдукту тастыктаган нотариустун, арызды аткарган кызматчынын аты жөндөрун мүлктүн тарыхына киргизет.

* Каттоо карточкасы – кагаз жана электрондук формада жасалган документ, ал укуктардын жана чектөөлөрдүн келип чыгышы, өтүшү, токтотулушу жөнүндө жазууларды, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн укук ээлери жана бирдиги жөнүндө маалыматтарды камтыйт;

– терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого каршы органга жана жерлерди пайдаланууну көзөмөлдөө органына мүлккө тиешелүү мааламатты берип жатып, каттоо кызматы мүлктүн тарыхына арыздын автору, маалымат берилген кылмыш иш жана арызды аткарган кызматчы тууралуу толуктоо киргизет;

– кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат үчүнчү тараптарга берилген учурда, каттоо кызматы бул тууралуу үч күндүн ичинде мүлк ээсин кабарлоосу абзел;

– учурдагы мыйзамга ылайык каттоо системасына каршы дооматтар негиз пайда болгон учурдан кийинки үч жылдын ичинде козголушу мүмкүн. Ал эми депутаттын сунушу боюнча бул чектөө жоюлушу керек;

– «Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдан «тутумдук каттоо»* деген түшүнүк жана ушундай аталыштагы бөлүм жоюлат.

* Тутумдук каттоо – арыз бербей, кыймылсыз мүлктөрдү массалык текшерүү жолу менен мамлекеттин эсебинен жүзөгө ашырылуучу укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча бир жолку иш-чара.

Сүрөттүн автору: Мамлекеттик катто кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Ой-пикир кошуу

кирүү