Депутаттардын кызматтык турак-жайы жетим балдарга

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн колдоого алуу үчүн Жогорку Кеңештин балансында турган кызматтык батирлерди аларга берүү жөнүндө мыйзам долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Гүлшат Aсылбаева, Айсулуу Өмүрбекова, Айсулуу Мамашева жана Аида Касымалиева

Мыйзам демилгесин кабыл алган учурда жогоруда көрсөтүлгөн батирлерди алганга менчигинде турак жайы жок болгон балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү укуктуу болот. Турак жай болсо аларга кампус түрүндө, студенттик же ишкердик жатаканын түрүндө убактылуу берилет ( 25 жашка толгонго чейин же өз күчү менен үй алганга чейин).

Демилгечилердин айтымында, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн турак жай проблемалары мурдатан эле турат. “Көпчүлүк балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жетилип кирип жашка келгенде чоңдордун жашоосуна киришет, ал эми балдар үйлөрүнөн чыккандан кийин алар абдан маанилүү жана актуалдуу болгон турак жай проблемасы менен беттешет. Балдар үйү менен коштошкондон кийинки жашоосу өтө кейиштүү болот, алар түзмө-түз көчөдө жашап калышат. Алардын эч кандай турак жайы же каттоосу жок.

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү тарбиялык мекемени калтыргандан кийин эптеп тиричилигин өткөргөнгө аргасыз болушат. Алар дегеле кайдан колдоо жана жардам алаарын билишпейт” деп мызам долбоорунун негиздемесинде белгиленет.

Мыйзамдарда кедей жана башка аз камсыз болгон жарандарга турак жай менен камсыз кылуу милдети көрсөтүлгөнүнө карабастан, тажрыйба карама-каршы турат. Мэриянын айтымында жетим балдар үчүн турак үйлөрдү куруу үчүн тиешелүү бош территория да жок.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын информациясы боюнча ипотекалык үй сатып алуу балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жеткиликтүү эмес.

Мыйзам долбоору батир менен камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй жол-жобосун сунуш кылат.

  • балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү турак жай алуу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына арыз менен кайрылат. Төрага болсо арызды Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына кызматтык турак жайды берүүгө негиз бар же жок экендигин изидөө үчүн жөнөтөт.
  • негизи катары парламенттин турак жай комиссиясы тарабынан иликтенүүчү Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген багыты болуп саналат.
  • турак-жай комиссиясынын балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн турак-жай берүү жөнүндө чечиминин негизинде, Төрага тиешелүү буйрук чыгарууга тийиш.
  • батирлерди бөлүштүрүү комиссиясынын чечимине ылайык балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү арасында өткөрүлөт.
  • Келечекте үй-жайларды бөлүштүрүү батирлердин бошогунана жараша кезектүүлүк тартибинде өтөт

Үй-жалуу болгондон кийин жаңы көчүп келгендер үйүнө кам көрүүгө, коммуналдык жана үй тейлөө үчүн кеткен чыгымдарды төлөп берүүгө.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз борбору

Ой-пикир кошуу

кирүү