Түшүнүксүз мыйзамдарды Жогорку Кеңеш түшүндүрүп берет

Жогорку Кеңеш жарандарга жана уюмдарга мыйзамдардын расмий түшүндүрмөсүн мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде бериши керек. Ушул тууралуу мыйзам долбоорун Исхак Пирматов коомдук талкууга сунуштап чыкты

Жарандар жана уюмдар мыйзамдын же анын ченеминин маанисин түшүнбөй жатса, анда алар Жогорку Кеңешке расмий чечмелөө берүүсүн сурап кайрылса болот. Мындай учурда парламент өзүнчө мыйзам кабыл алуу жолу менен расмий чечмелөө берүүсү абзел. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамда айтылат. Ал эми ар бир мыйзам депутаттар тарабынан кабыл алынардан мурда үч окуудан өтөт. Биринчи окууда – мыйзам долбоору менен таанышуу, экинчисинде – деталдуу талкулоо, үчүнчүсүндө болсо демилге ээсинин жана эл өкүлдөрүнүн пикирлери айтылат. Ар бир окуунун арылыгында 10 иш күнүнөн кем эмес убакыт өтүүсү талап кылынат. Ушуга байланыштуу түшүнүксүз мыйзам боюнча расмий чечмелөө алайын деп кайрылган жаран же уюм Жогорку Кеңештин жообун көп убакыт күтүүсүнө туура келет.

Ошол эле учурда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү» мыйзамда парламенттин мыйзамдарды талкуулоо боюнча укугу каралган эмес. Ушуга байланыштуу расмий чечмелөө боюнча мыйзамдарды кабыл алуу практикасы убактылуу токтотулган жана Жогорку Кенеш бүгүнкү күндө расмий чечмелөө сурап кайрылгандарга бейрасмий чечмелөөлөрдү (каттарды) берүүнү практикалап келет.

Ушундай себебтерден улам И.Пирматов жогоруда айтылган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен парламентке расмий чечмелөө боюнча мыйзамдарды кабыл алуу укугун берүүнү сунуштайт. Болгондо да мындай мыйзамдарды үч окууну бир отурумда өткөрүү аркылуу кыска мөөнөттө кабыл алууну демилгелейт.

Эл өкүлүнүн демилгесине ылайык ченемдик укуктук актыны расмий түшүндүрүү «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамда көргөзүлгөндөй ченемдик чечмелөө түрүндө гана эмес, ченемдик эмес чечмелөө жолу менен да ишке ашырылат. 

Ченемдик чечмелөө актыны кабыл алган же чыгарган орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Мындай чечмелөөдө ченемдердин мазмуну түшүндүрүлөт же такталат, алардын мыйзамдар системасындагы орду, ошондой эле бир эле түрдөгү коомдук мамилелердин ар кандай аспектилерин жөнгө салуучу башка ченемдер менен болгон байланыштары аныкталат.

Ал эми ченемдик эмес чечмелөө болуп укуктук мамилелердин субъекттеринин конкреттүү укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү менен мыйзамда камтылган ченемдерди түшүндүрүүчү жазуу жүзүндөгү расмий документ таанылат. Мындай түшүндүрмө ыйгарым укугу бар мамлекеттик орган тарабынан берилет.

Cүрөт: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Ой-пикир кошуу

кирүү