М.Тунгишбаев боюнча Айбек Эрнис уулунун чечимин Бишкек шаардык соту өзгөртүүсүз калтырды

Үстүбүздөгү жылдын 21-май күнү Башкы Прокуратура Казакстандык кесиптештеринин суроосуна жооп берип Казак Республикасынын жараны Муратбек Базаралиевич Тунгишбаевди кылмыш жазасына тартуу үчүн аларга өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомун кабыл алган. Казак сотунун токтомунда Тунгишбаевдин баш коргоо чарасы боюнча сырттан санкция киргизилген жана кыргызстандык соттун аны камакка алуу боюнча токтомунда Тунгишбаев өзүнүн иш аракеттери менен Казак Республикасынын кылмыш кодексиинин 266-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жазага тартылыш керек.Бирок, мындай берене Кыргыз Республикаснын кылмыш кодексинде каралган эмес. ”Кыргыз Республикасында кылмыш деп эсептелбеген иш-аракеттер боюнча башка өлкөнүн жаранына кылмыш иши козголгон болсо, анда ошол өлкөгө аны өткөрүп берүү талабы аткарылбайт”-деп КРнын Кылмыш Процессуалдык кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 3-пунктунда жазылып турат. Бирок, Башкы Прокуратура Тунгишбаевди Казакстанга өткөрүп берүү боюнча чечимин Казакстан Республикасынын Кылмыш Кодексинин 405-беренесинин 2-бөлүгүнө таянып чыгарганы белгилүү болду. Ал токтомдо Казак тарап сураган расмий документтерде Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинде Тунгишбаевдин кылмыш-аракеттери боюнча окшош беренелер бар деген жүйөөлөр келтирилген. Андыктан, Тунгишбаевди коргоочу тарапта негиздүү шектер жаралды. Казак Республикасынын суроо-талап жазылган документтериндеги 405-берене казак тараптын биздин Башкы Прокуратура менен болгон кеӊешүүсүнөн кийин гана жаралган деген шектер бар.    

Мындай шектердин жаралышына төмөнкү негиздер түрткү болду:

         -Казак сотунун Тунгишбаевдин иш-аракеттери боюнча баш коргоо чарасына сырттан санкция киргизүү боюнча токтомунда Казак Республикасынын Кылмыш Кодексинин жалгыз гана 266-беренеси боюнча күнөө коюлганы көрсөтүлгөн.

         -Тунгишбаевдин иш-аракеттери жөнүндөгү казак тарап жөнөткөн процессуалдык документтердин негизинде Кыргыз сотунун токтомунда да баягы эле Казак Республикасынын  Кылмыш Кодексинин 266-беренеси коюлган.

         -266 чы жана 405 чи беренелер боюнча Тунгишбаевдин иш-аракеттери жөнүндөгү токтом коргоочу тарапка белгисиз себептер менен кечиктирилип берилген.

Тунгишбаевди Казак тарапка өткөрүп берүү боюнча чечимде “Казак Республикасынын Башкы Прокуратурасы Тунгишбаев суроо-талапта көрсөтүлгөн берене боюнча гана жоопко тартылат”-деп жазылган.

Башкача айтканда, Казак Республикасынын Башкы Прокуратурасы 266-берене боюнча кылмыш куугунтугу токтотулат деп кепил бербестен, тескерисинче, ушул берене боюнча жоопко тартылат деп баса көрсөтүп жатат.

Жыйынтыгында, эгерде Тунгишбаев Казак тарапка өткөрүлүп берилсе анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинде каралбаган иш-аракет боюнча соттолуп кетиши мумкун.

Бугун, 28-май күнү Тунгишбаевдин баш коргоо чарасын кароо түштөн кийинкиге жылдырылып, жыйынтыгында Бишкек шаардык соту Тунгишбаев боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу Мурат Тунгишбаевти кармоо мыйзамдуу жана негиздуу деп эсептеп, баш коргоо чарасы боюнча эки ай камакка алуу чечимин чыгарган болчу.

Ой-пикир кошуу

кирүү