Экс-президентти кол тийбестик макамынан ким ажырата алат- Жогорку Кеӊешпи же Конститутциялык палатабы?

Өткөн жумада Жогорку Кеӊештин депутаттары Исхак Масалиевдин экс-президенттин кол тийбестик макамын алуу боюнча механизмдерди иштеп чугуу  сунушун колдошту. Мындай сунушту демилгечи депутат Жылуулук Энергия Борборундагы (ЖЭБ) аварияны иликтеген комиссиянын корутундусун талкуулаган отурумда айткан.

Мындай механизмди иштеп чыгууну депутаттар Жогорку Кеӊештин конститутциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктар маселеси жана регламент комитетине тапшырышты. Бүгүнкү күндө экс-президент абсолюттук кол тийбестикке ээ. Тагыраак айтканда, аны эч ким эч кандай жоопко тарта албайт. Жада калса азыркы президентти да мындай макамдан ажыратса болот.

Буга чейин экс-президенттен кол тийбестик макамды алып салуу боюнча процедураларды жазып чыгуу керектиги жөнүндөгү маселени адвокат Нурбек Токтакунов көтөрүп чыккан. Белгилүү адвокат бул демилге менен Конститутциялык палатага да кайрылган. Депутаттардын ЖЭБдеги авария маселесине байланыштуу жалгыз гана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алып салуу процедурасын өзүнчө жазып чыгышааары, же, «КРнын Президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизишээри азырынча белгисиз.

Бул мыйзам экс-президенттин кол тийбестик макамы боюнча «баардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей»- деген конститутциялык принципке карама-каршы келет. Конститутциялык чектөө боюнча маселеде экс-президенттин кол тийбестигин Жогорку Соттун Конститутциялык палатасы караш керек. Анда соӊ, Конситутциялык палатанын чечимдерин аткаруу боюнча иш-чаралардын алкагында парламент «КРнын президентинин ишмердигинин кепилдиги жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам кабыл алышы керек болот.

Ой-пикир кошуу

кирүү