Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
«Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөгү» мыйзамды ишке ашырууга багытталган ченемдик документтерди бекитүүнүн алкагындагы долбоор коомдук угууга жиберилди
Бул токтом долбоор менен бекитилет:
Бул долбоор, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдарын жана социалдык жардамдарды кайра эсептеп чыгуу жана белгилөө, кайрылуулардын ирээтин аныктоо үчүн иштелип чыкан. Жөнөкөй айтканда, бул жөлөкпулдарды алууда каяка, кантип кайрылуу, кайсы документтерди топтош керек, кандай тартипте жөлөкпул алынат жана бул жардамдардын эсебин кайра кантип эсептеп чыгуу сыяктуу нерселер толугу менен жазылып чыгат.
Эскерте кетсек, «үй-бүлөгө көмөк» — бул 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн мамлекет тарабынан ай сайын берилчү жөлөкпул. Ал эми социалдык жөлөкпулдарды пенсия алууга акысы жок жарандар (ден-соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык жөлөкпулдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балдар, баатыр энелер, ата-энеси каза болгон жаш балдар жана башка у.с) ала алышат.
Бул ченемдик документтин долбоору «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алууга болгон муктаждыктын түркүмдөрүн (критерии) аныктоо сунушталат. Долбоорго ылайык, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алууга муктаждар ай сайын жардам алуу үчүн 16 жашка чейинки балдары бар болсо, жана да, үй-бүлөнүн муктаждыгы анын мүчөлөрүнүн бардык киреше булагынын өлчөмүн аныктап карап чыгуу менен аныкталат. Аз камсыз болгон үй-бүлө деп ай сайын ар бир мүчөсү кепилденген эӊ аз өлчөмдөгү кирешеси (900 сом) бар үй-бүлө таанылат;
Мамлекеттик жөлөкпулдарды белгилөөнү аныктоодо келип чыккан талаш суроолорду даттангандардан арыз кабыл алчу комиссия карап чыгат.
Бул комиссияга, мамлекеттик жөлөкпулдарды белгилөө жана аларды төлөп берүүдө социалдык өнүгүү органдары менен жарандардын ортосунда келип чыккан түшүнбөстүктөрдү чечүү, мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөп берүүдө жана аларды белгилөөдө келип чыккан талаш маселеге катышкандарды социалдык жактан калыбына келтируу жана мындай мыйзамсыздыкты алдын алуу иштерин аткаруу кирет.
Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик документтерден сырткары токтомдун долбоору 2018-жылдын 1-июлунан тартып ай сайын берилчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштайт:
— ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгу чектелген жаш балдарга жана ВИЧ/СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдарга – 3000 ден 4000 сомго чейин;
— бала чагынан ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген I-топтогу майыптарга – 3000 ден 4000 сомго чейин;
— бала чагынан ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген II-топтогу майыптарга – 2500 дөн 3300 сомго чейин;
— бала чагынан ден-соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген III-топтогу майыптарга – 2000 ден 2700 сомго чейин.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]