Көз ирмемде атактуу боло калышкан депутаттар

Чытырман парламенттин кээ бир депутаттары айрым мыйзам долбоорун карап жатканда иш боюнча эмес, такыр эле башка өӊүттө өкмөт мүчөлөрүн жаш баладай урушканын байкадыӊар беле? Байкаган эмес болсоӊор, анда бүгүнкү пленардык отурумдан кичинекей мисал келтиребиз.

Бүгүн күн тартибиндеги 4-пункт боюнча депутаттар “Ишкердиктин субъекттерин текшерүү тартибин жүргүзүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун карашты. Өзгөртүүнү киргизип жаткан мыйзам долбоор боюнча” бул мыйзамдын автоунаа жана суу транспорту ишмердигин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу тармагындагы ыйгарым укуктуу органга жана жарандык авиация тармагын көзөмөлдөгөн жана жөнгө салган расмий органга тиешеси жок.

Каралып жаткан мыйзам долбоорго тиешелүү болгон жалгыз суроону бир гана Мирлан Жээнчороев берди окшойт. Депутат бул сунуш эмнеге киргизилип жатканына кызыкты. Мындай текшерүүлөр мүнөздүү болуп, аба кодекси боюнча буга чейин каралган деп жооп беришти. Бөлөк депутаттар болсо авиакызматтарга кызыгып суроолорду узатышты. 

Төмөндө депутаттар берген айрым суроолор келтирилди:

  1. Бишкек-Москва рейсинин баасы болжол менен 10000 сом. Бишкек-Стамбул рейсинин баасы ушундай эле.Анда неге биздин авиакомпаниялар суу менен тамак беришпейт?
  2. Эки ай мурун Tez Jet авиакомпаниясынын самолетунун кыймылдаткычы иштебей калып, көпчүлүк жүргүнчүлөр психологиялык жана моралдык зыянга учурашкан. Эмне үчүн эл ушундай кырдаалга дуушар болушу керек?
  3. Эмне үчүн биздин авиакомпанияларда жүргүнчүлөрдү түшүрүүдө тамак менен суу берилбейт? Өткөндө Ошко барышым керек эле, 1,5 саат күттүм. Жалал-Абадка болсо акыркы билеттердей сатышат,а чындыгында самолет толбой эле жарым-жартылай жүргүнчүлөрү менен учат.  
  4. 20дай депутат ачык асман боюнча мыйзам долбоорду киргизип жатышат. Буга кандай карайсыз?
  5. Билеттердин баасы боюнча суроо. Кээде билеттер 1500 сом турат, айрым учурларда 4000 сом. Эмнеге бирдиктүү тариф кылбайсыӊар? Бирдиктүү тариф болобу же болбойбу?
  6. Эмнеге самолеттордо жарыяларды кыргыз тилинде айтышпайт? Бул сиздин катаӊыз.

Мүмкүн депутаттардын суроолору маанилүүдүр. Бирок, берилген бул суроолор мыйзам долбоордун эки мамлекеттик органга иштебеш керек деген сунушка такыр тиешеси жок. Баары жакшы, бирок, эл шайлаган депутаттар сунушталган мыйзам долбоорду карагандын ордуна, өздөрү кызыккан суроолорго көбүрөөк убакыт коротушат.Мындай учурлар көп кездешет. Биз төлөгөн салыктар ушундай депутаттык корпусту багып жатабы? 

 

Ой-пикир кошуу

кирүү