Кыймыл аракетти чектөө мыйзамга шайкеш келбейт

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы сот иштери бүтө электе жарандык иштерге байланышкан убактынча өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөр туурасындагы мыйзам нормасын конституцияга каршы келет деп тааныды

Эгерде жарандын үстүнөн сотко арыз жазылган болсо “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетпешин эскерткен убактылуу тыю салуу бар эле. Мунун баары сотто жооп берүүчү жеӊилип кала турган болсо соттун чечимин аткарбай башка өлкөгө качып кетпеши үчүн кабыл алынган норма болчу. Тагыраак айтканда,бул мыйзамдын максаты жарандык иш каралган учурда жооп берүүчүнүн сот отурумдарына сөзсүз катышуусун камсыздачу.

Конститутциялык палатага кайрылган Тимур Султанов бул норма жарандардын кыймыл-аракетинин эркиндигин чектеп, мыйзамдын максатына шайкеш келбейт деп эсептейт. Сот отурумунда Тимур Султанов жооп берүүчүнүн ордуна анын кызыкчылыктарын жактаган өкүлү деле катыша ала тургандыгын далил катары белгиледи. Өкүлү болбогон учурда да сот ал ишти сыртынан карай берсе болоорун айтты.

Жооп берүүчү-Жогорку Кеӊештин өкүлү бул далилдөөлөр менен макул эместигин айтып, эркин кыймыл-аркетке болгон укук толугу менен берилбешине таянып, башка коомдук маанилүү максаттарда бул маселеде чек коюлушу зарыл деп эсептейт. Мисалы, соттон жеӊилип калса соттун чечимин аткаруудан качып белгисиз убакытка өлкөдөн чыгып кетүүгө же болбосо жооп берүүчү биротоло өлкөдөн чыгып кетпешине жол бербеш үчүн. Ошондой эле ал, жооп берүүчүнү сотко катыштыруу боюнча азыркы колдонуп жаткан ыкмалар жетишээрлик деӊгээлде натыйжа алып келбей жаткандыгын айтты.

Эки тарапты уккан соӊ соттук коллегия өлкөдөн чыгып кетүү Конститутцияга жана сот адилеттүүлүгүн камсыз кылуучу башка укуктук механизмдерге каршы келет деген корутунду чыгарды.

Ой-пикир кошуу

кирүү