Ойлоп табуучулукка патентти кантип алса болот?

Көпчүлүк ойлоп табуучулар жашоодо өзүнүн ойлоп тапкан интеллектуалдык менчиги боюнча укуктарын коргоо жана аны коопсуздоо сыяктуу толтура кыйынчылкка дуушар болушат. Бул маселени чечүүдө прагматик ишкерлер өзүнүн ойлоп тапканын патенттөө чечимин кабыл алышат. Бирок, эмнеден баштоону билбейт. Эмнеден башташ керек?

Эӊ башкысы, ойлоп табылган деп сунушталып жаткан объект жаӊы экендигине байланыштуу, ойлоп табылган деӊгээли болсо жана пайдаланууга мүмкүн болгон учурда укуктук жактан корголот.  Ойлоп табылган нерсенин ээси же иш берүүчү (келишимде башка себеп жазылбаса, кызматтагы милдети үчүн ойлоп тапкан же иш берүүчүнүн атайын тапшырмасы менен аткарылган иш болсо) же болбосо алардын ишенимдүү адамдары патент алуу үчүн Кыргызпатентке арыз менен кайрылышы керек.

Ойлоп табуучулук боюнча берилген арызда:

 1)   патент алуу үчүн ойлоп табылган нерсенин ээсинин (ээлеринин) ысмы көрсөтүлгөн жана патент алчу жарандардын ысымдары, алардын жашаган жеринин дареги жана турган орду жазылган арыз

 2)  ушул тармактын адиси ишке ашыра тургандай ойлоп табууну жетиштүү түрдө сыпаттап ачып сүрөттөп берүү

 3)   ойлоп табылган нерсенин так маанисин көрсөткөн сүрөттөөлөргө негиздеп ойлоп табылган нерсенин формуласы

 4)  ойлоп табылган нерсенин так маанисин түшүнүү үчүн чиймелер жана башка материалдар

 5) реферат

Ойлоп табылган нерсеге жазылган арызга бажы төлөмүн далилдеген дүмүрчөк кошо тиркелет.

Ойлоп табууларды патентөө боюнча мамлекеттик бажы төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн бул шилтемеден таба аласыз.

Арыз алынган соӊ Кыргызпатент расмий жана алдын ала экспертиза өткөрөт. Расмий экспертиза учурунда арыз менен кошо берилген документтер текшерилет.Ойлоп табуучунун каалоосу боюнча Кыргызпатент коюлган маселе боюнча да экспертиза өткөрүп бере алат. Арыз боюнча алдын ала өткөрүлгөн экспертиза учурунда, расмий экспертиза оӊ жагына чечилген күндөн тарта арызда көрсөтүлгөн документтердин маӊызына коюлган талаптардын сакталышын текшерет. Ошондой эле, берилген арыздагы материалдар боюнча патент төлөө шартына шайкештиги да текшерилет. 

Мурунку чакырылбай калып кеткен арыздар, КРнын корголгон документтер фонду, аны менен бирге евразиялык арыздар жана патенттер, ойлоп табуунун артыкчылыгын белгилейт, ойлоп табуунун биримдүү талаптарына жооп береби же жокпу текшерилет.

Эгерде арыз берүүчү ушул маселе боюнча экспретиза жүргүзүлүшүн өтүнүп кайрылса, анда Кыргызпатент арыз берилген күндөн тартып он сегиз айдын ичинде көрсөтүлгөн ойлоп табылган нерсенин патент төлөө дараметин, жаӊычылдык критерийлерин, ойлоп табуучулуктун деӊгээлин жана өндүрүштө пайдаланууга боло тургандыгын салыштырып бериш керек. Оӊ жыйынтыгы бар алдын ала өткөрүлгөн экспертизанын арызы боюнча, эгерде ушул маселеге байланышкан экспертизаны өткөрбөй эле патент берүү арызы болсо анда патент берүү боюнча чечим чыгат да ал патент арыз берүүчүнүн жоопкерчилиги астында берилет. Патент алуу ишүчарасы көп убакытты талап кылгандыктан адистерге кайрылуу сунушталат.   

Ой-пикир кошуу

кирүү