Соттолгондукту кантип алып салса болот?

«Прецедент» өнөктөштөр тобуна Н аттуу жаран соттолгондугун алып салуу боюнча кеӊеш алуу үчүн кайрылды

Н аттуу жаран 2012-жылы оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартиптеги коллонияда жаза өткөргөн. Ал жаран алып келген документтерди карап чыгып, 2014-жылы экинчи инстанциянын соту жазаны аткаруунун мөөнөтүн үч жылга чейин кыскарткандыгы маалым болду. Ал эми бизге кайрылган жаран белгиленген жазаны толугу менен өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу абактан бошотулган. Эми, Н аттуу жаран соттуулуктун жоюлушу же алынып салынышы боюнча маалымат алганы кайрылыптыр.

Бул учурда оор кылмыш үчүн 8 жыл жазаны өтөгөндөн кийин гана соттуулугу жоюлат, ал эми 10 жыл жазаны өтөгөндөн кийин өзгөчө оор кылмышы үчүн соттолгондугу жоюлат. Тагыраагы, бул жарандын оор кылмышы үчүн  2022-жылы, ал эми өзгөчө оор кылмышы үчүн 2024-жылы соттолгондугу алынып салынат.  

Эгерде, Н аттуу жаран жазаны өтөп бүткөндөн кийин өзүн кынтыксыз жакшы алып жүргөн болсо, анын өтүнүчү менен сот анын соттолгондугу алынып салганга чейин эле соттуулугун жое алат.

Кынтыксыз жакшы жүрүм турумдун аныктамасы мыйзамдуулукта жок, бирок, ага кайрадан тартип бузбаса; кылмыш учурунда бүлүндүргөн нерселерди ордун толтуруп кайтарып берсе; жакын туугандары, кошуналары жана кесиптештери анын жакшы жүрүм туруму боюнча мүнөздөмө берсе; өз үй-бүлөсүнө  жакшы мамиле кылса; коомдук жайларда туура жүрүм турумда болсо; эмгектенсе. Ушул себептер менен сотко кайрылып жатып келтирилген өтүнүчкө берилген мүнөздөмөлөрдү, жашаган жана иштеген жеринен тактамаларды кошо тиркеп, соттолгон жарандын жүрүм туруму боюнча көрсөтмөлөрдү бериш үчүн кесиптештерин, кошуналарын жана жакын туугандарын чакыруу керек.

Н аттуу жаранга жакшы жүрүм турумун далилдеген бардык керектүү документтерди чогултуу сунушу айтылды. Ошондой эле, өзү жашаган жери боюнча райондук сотко соттуулугун алып салуу өтүнүчү менен кайрылыш керектиги түшүндүрүлдү.  

Эгерде өтүнүч канааттандырылбаса алты айдан кийин ушундай өтүнүч менен кайра кайрылыш керек.

Ой-пикир кошуу

кирүү