Мейманканадагы коноктун жеке жашоосу купуя маалыматбы?

«Милиция кызматкери жеке мейманканага келип бир жарандын ушул жерде жашашын тастыктап берүүмдү айтып маалымат сурады. Милиция ушинтип сураганга укугу барбы? Ушундай учурда мейманкана кызматкери эмне кылыш керек?»-деген суроо менен Precedentinfo го Жамиля Капарова кайрылган.

Биздин жооп:

Кимдир бирөө кай жерде жүрбөсүн бул адамдын жеке жашоосуна кирет.Ал жаран Конститутция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот. Көпчүлүк кай жерде эмне кылып жүргөнүн сыр кылбайт. Бирок бул, укук коргоо органдарынын кызматкерлери талап кылса мейманкананын жашоочуларынын жеке турмушу туурасындагы маалыматты айтып берүүгө болот дегендикти билдирбейт.Ошондой эле,мейманкана кызматкери ал маалыматты өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланса болот дегенге жатпайт. Мейманканага орношуп жаткан жаран отельдин кызматкерлери ал жонундо бирөөлөргө,ошондой эле укук коргоо органдарына маалымат бербейт деп ишенет.  Мейманкана бизнесинде мейманкана менен кардардын ортосундагы мамиленин маанилүүлүгүн эсептегенде кардардын мейманканага жайгашышы жөнүндөгү маалымат «коммерциялык сыр» деген түшүнүккө кирип кетет. 

Эгерде жаран издөөдө жүрсө, же болбосо сотко милдетүү түрдө алынып келиши боюнча соттун токтому болсо,кылмыш кылган делип шектелсе анда кардардын мейманканада жашап жаткандыгы жөнүндөгү маалымат берилиши керек.  Бул учурда, укук коргоо органынын  кызматкери мейманкана кызматкерине соттун,тергөөчүнүн же болбосо прокурордун чечими жазылган расмий документти таанышуу үчүн көрсөтүш керек. Ошондон кийин гана мейманкана кызматкери тартип сакчыларына коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз көмөгүн көрсөтө алат.   

Иш жүзүндө тартип сакчылары тарабынан эч кандай документ көрсөтүлбөйт. Андыктан, майманканада иштегендер жергиликтүү бийликке баш ийип же болбосо алар менен жакшы мамиледе болуш үчүн мейманкананын кардары туурасында бардык нерсени айтып беришет.  Эгерде мейманкана кызматкери тарабынан кардар жөнүндө маалымат берилгени билинип калса,ошондой эле ошол маалыматты берүүгө эч кандай себеп болбогону аныкталса, анда, ошол кардардын каалоосу менен мейманкана жеке жаран жөнүндө маалыматты ачык айтканы туурасында жарандык жоопкерчиликке тартылат.

Ой-пикир кошуу

кирүү