Патент, байлык, өнүгүү

Тарыхта элде жок буюм ойлоп таап,аны өндүрүшкө коюп,анын артынан байып кеткен окуялар толтура.

Ойлоп табуучу эч качан байыйм деп жаӊы буюм ойлоп таппайт. Тескерисинче, коомго актуалдуу көйгөй жараткан маселени чечкенге аракет кылат. Мисалы,бир жолу колдончу «Pampers» подгузнигин ойлоп тапкан  Виктор Миллз, энелердин жонокой подгузниктерди такай жууп жайып жүргөнүн көрүп, эгерде бир эле жолу пайдаланчу подгузниктер болсо баарына ыӊгайлуу болот деген жыйынтыкка келген. Ошондон кийин гана ал бир жолу пайдаланып, кийин ыргытып жиберсе боло турган подгузниктерди ойлоп тапкан. Дүйнөдө глобалдык экономикалык кризис учурунда заманбап даяр кофенин келип чыгышын дагы бир мисал катары айтып кетсек болот. 1938-жылы Бразилияда ашыкча кофе буурчактарын сактап калуу муктаждыгы келип чыккан.Ушул маселени чечүүдө бразилялыктар Швейцариянын Nestle компаниясына кайрылат.Натыйжада, Макс Моргенталердин жетекчилиги астында майда даяр кофенин технологиясы өнүктүрүлүп,азыркы майдаланган даяр кофе келип чыккан.

Айта кетчу жагдай,бул инсандар ойлоп тапкан жаӊычылдыгын өз убагында патенттеп алгандыгы үчүн бүгүнкү күндө чоӊ байлыкка ээ.

Ойлоп тапкан нерсеге берилген патент – бул өзгөчө укукка ээ экендигин тастыктаган,автордук жана ойлоп табылган нерсенин артыкчылыгын далилдеген мамлекеттик расмий документ болуп саналат. Ойлоп табылган буюмдун авторуна берилген өзгөчө укук бул ойлоп тапкан нерсесин өз алдынча пайдаланууга, өз өндүрүшүндө патент менен корголгон технологиялык процесстерди колдонууга, өндүрүмдү сатуу же снуштоого, башка өлкөгө сатыкка чыгарууга мүмкүндүк түзөт.

Ал эми башка жарандар автордун уруксатысыз ойлоп табылган нерсени пайдалана алышпайт. Ойлоп табуучу өзүнүн ойлоп тапкан жаӊычылдыгын патенттеп алгандан кийин өндүрүштү баштай алат же болбосо башкалар пайдалана тургандай уруксат бере алат.  Патенттин болушу бул бир эле автордун укуктук жактан корголушу гана эмес, келечекте байлык алып келчү булак жана өнүгүүнүн кепилдиги. Анткени, автор патент алуунун алдында өзү ойлоп тапкан жаӊычылдыгы боюнча бардык техникалык маалыматтарды берет. Ал эми бул маалымат келечектеги ойчул-ойлоп табуучулар үчүн гана эмес жалпы коомчулук үчүн да абдан пайдалуу. Кыргыз Республикасында ойлоп тапкан жаӊычылдыкка патентти кантип алуу жөнүндө төмөндөгү материалдан окуй аласыз.

Ой-пикир кошуу

кирүү