Кыргызская Республика,
г. Бишкек
ул. Сыдыкова 187, офис 28
Ички Иштер Министрлиги өлкө аймагында жаӊы стационардык өтмөктөрдү (стационарный пост) куруу жана учурдагы өтмөктөрдүн (пост) турган жайларын өзгөртүүнү камтыган токтомдун долбоорун коомдук угууга жөнөттү. Бул документ Өкмөттүн сайтына жаряланды.
Ички стационардык өтмөктөрдүн(стационарные посты) толук кандуу иштешин, чукул кыраалды жана мамлекет тарабынан оор жол кыймылын көзөмөлгө алууну камсыз кылуу үчүн Министрлик тараптан бул токтомдун долбоорун кабыл алуу муктаждыгы келип чыккан.
Ошентип,мекеме төмөнкү пуктарда жаӊы өтмөктөрдү курууну сунуш кылып жатат:
Андан сырткары, токтомдун долбоору боюнча учурда иш жүргүзүп жаткан 3 өтмөктүн турган жайы өзгөртүлмөкчү.
Тактама-негиздемеге ылайык мындай демилгени иш жүзүнө ашырыш үчүн мамлекеттик бюджеттен 4 620 000 сом керектелет.
Ички Иштер министрлиги жаӊы стационардык өтмөктөрдүн курулушу менен жүргүнчүлөрдүн агылып келүүсүн натыйжалуу көзөмөлдөсө болот дейт. Ошондой эле, маалыматты жеткирүүнү камсыздоодо жана алгачкы көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча ички иштер органдарынын башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип иштөөсүнө жакшы өбөлгө түзөт деп ишенишет.
Бул иш-аркеттер жол кыймылынын эрежеси боюнча административдик айыптан качып жүргөндөрдү издеп табууда жана эрежелер бузулган учурларда сүрөт менен тасмага тартууну ишке киргизүүдө кошо жүргүзүлөт. Бул токтом долбоордун коомчулукка талкуу үчүн жөнөтүлүшү жөнөкөй жарандар да министрликке өзүнүн сунуштары менен пикирлерин жөнөтө алат дегендикти билдирет.
Автор: Бермет Джаныкулова Сүрѳт: Алина Печенкина Маалыматтарга жетүү – жарандардын маанилүү укуктарынын бири жана бул укук мыйзам жаратуу процессинде өзгөчө чоң роль ойнойт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө […]