Үй жаныбарларын кармоо эрежелери

Precedent Info го Бишкек шаарынын тургуну бир нече суроо менен кайрылды: “Кошуналар үйүндө коен, кой жана тоок кармап багышат. Ал үй жаныбарларынан дайыма сасык жыт келет. Кошуналарды кандай жоопкерчиликке тартса болот? Аларга үй жаныбарларын кармоого тыю салса болобу?”

Биздин жооп:

Алгач, өлкөбүздөгү мыйзамдуулук азык-түлүк бере турган жана азык-түлүк бербөөчү деп үй жаныбарларын эки категорияга бөлөт.

Азык-түлүк берүүчү жаныбарлар уй,кой,тоок,коен..ж.б.у.с…

Ал эми азык-түлүк бербөөчү жаныбарларга ит жана мышыктар кирет. Бишкек шаарынын жеке секторундагы азык-түлүк берген үй жаныбарларын жана канаттууларын кармоо эрежелери жана алардын мүмкүн болгон саны: 

— бир жашка чейинки музоосу бар эки уй же болбосо ордунда байланган төрт торпок

үч айга чейинки торомпойлору бар эки чочко же болбосо ордунда байланган алты баш чочколор

— алты айга чейинки козулары бар он баш кой

— алты айга чейинки бачикийлери бар беш чоӊ арктика түлкүлөрү(песец)

— алты айга чейинки мамалак,бөжөктөрү бар он норка, коен жана нутрий 

—канаттуулар (тооктор, өрдөктөр, каздар, үндүктөр) элүү баш жана эки айга чейинки 300 баш жөжөлөрү болуш керек.

Көп кабаттуу квартираларда азык-түлүк бербөөчү үй жаныбарларын кармоодо эки айга чейинки күчүгү бар бир итти жана бир жарым айга чейинки мыймыйы  бар эки мышыкка уруксат берилет.

Үй жаныбарларын кармоодо мал ээсине атайын жазылган эрежелер бар:

— жаныбарлар менен канаттууларды атайын даярдалган жабык бөлмөлөрдө кармаш керек. Бул бөлмөлөр билим берүү мектебинен, мектепке чейинки жана дарылоочу мекемелерден, соода түйүндөрүнөн жана тамак даярдоочу жайлардан 50 метр алыстыкта болушу керек.Ошондой эле,кошуна үйлөрдүн терезелеринен 15 метр алыстыкта болушу шарт.

— үй жаныбарларын кармоочу бөлмөлөрдүн дубалдары такай акиташ менен акталып, эшик-терезелер тор менен тосулуп, жаз-жай убактарында он күндө бир жолу бөлмөлөр тазалоочу каражаттар менен тазаланып, күн сайын механикалык жактан тазаланып, жуулуп турушу керек.

— жаныбарлардын кыктарын чогултуучу атайын жай камдалып, жумасына бир жолу кыктарды шаардык таштанды таштоочу жайга алып барып туруу милдеттендирилет.

— план боюнча жана дарылоо-профилактикалык иш-чаралар үчүн пландан сырткары келип текшерген шаардык ветеринардык башкармалыктын кызматкерлерине жаныбарларды такай көрсөтүп туруу керек.

Үй жаныбарларын кармоодо жана көбөйтүп багууда эрежелер бузулса административдик жоопкерчиликке тартылат.Азык-түлүк берчү үй жаныбарларынын ветеринардык жана тазалык жактан эрежелери бузулса 1000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынат. Кызматтагы аткаминерлер 10 000 сом өлчөмүндө айып пулга жыгылат. (АЖжК  198-берене).Азык-түлүк бербеген үй жаныбарларын кармоодогу эрежелерди бузган жаран 1000 сом айып төлөйт, ал эми кызматтагы аткаминер 20 000 сом айып төлөйт. Күнөлүү тарап жабырланган тараптын ден-соолугуна же мүлкүнө зыян келтирсе анда жарандар 3 000 сом, ал эми кызматтагы аткаминер 7 000 сом айып төлөп бериши керек (АжжК 203-берене).

Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу органдардын эскертүүлөрүн аткарбаса жоопкерчиликке тартууну карайт. (АЖжК 205-1).

Эрежелерди сактабаган кошунаны административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Бишкек шаардык мамлекеттик ветеринардык-санитардык башкармалыгына үй жаныбарларын кармаган кошунаӊызды текшерүү өтүнүчү менен кайрыла аласыз.

Белгилей кетүүчү жагдай, мыйзам боюнча азык-түлүк берүүчү жаныбарларды Бишкек шаарынын борбордук  бөлүгүндө  кармоого тыю салынган. Бул:  — түндүк тараптан — Жибек Жолу көчөсү, түштүк тараптан — Бөкөнбаев көчөсү, чыгыш тараптан — Правда көчөсү, батыш тараптап – Жаш Гвардия проспектиси.

Ой-пикир кошуу

кирүү